Стационардагы медиктер. Архивдик сүрөт

Министрлик коронавирусту дарылаган стационарлардын картасын жарыялады

83
(жаңыланган 13:51 19.10.2020)
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны өлкөдө 52 526га жетти. Анын ичинен 45 863 бейтап айыгып чыккан. Тилекке каршы, оору 1 111 адамдын өмүрүн алды.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча коронавирусту дарылаган стационарлардын картасын жарыялады. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, картада ооруканалардын даректери, байланыш номерлери, бош жана бош эмес орундардын саны көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, медициналык жардам көрсөткөн ак халатчандардын жана жасалма дем алдыруучу аппараттардын саны дагы бар.

COVID: Бишкектеги ооруканаларда 68 бош орун бар. Тизме

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны өлкөдө 52 526га жетти. Анын ичинен 45 863 бейтап айыгып чыккан. Тилекке каршы, оору 1 111 адамдын өмүрүн алды.

83
Белгилер:
стационар, карта, орун, оорукана, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2415)
Тема боюнча
Өткөн суткада 482 киши коронавирус жуктуруп, 127 бейтап айыкты
Коронавируста бөйрөк оорусу өлүм коркунучун эки эсеге жогорулатат
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

64
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

64
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Парктагы кишилер

Ишембиге карата аба ырайы

61
(жаңыланган 22:26 27.11.2020)
28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас өрөөнүндө -4...+1 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -3...+2, Ысык-Көл ойдуңунда 1...6, Нарын жергесинде -4...+1 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын башы 0...+2 градуска жетет.

61
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже
Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү кар жаайт