Башкы прокуратура кызматка алчуларга сынак жарыялады. Мөөнөтү

© Sputnik / Табылды КадырбековУвольнения и назначения чиновников
Увольнения и назначения чиновников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрлар резервине кабыл алуу эмненин негизинде жүргүзүлө тургандыгын Башкы прокуратуранын расмий сайтындагы "Кадрлар" бөлүмү деп жазылган жерден билсе болору айтылган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Башкы прокуратура кадрлар резервине кызматкерлерди топтоо боюнча кезектеги сынакты жарыялады. Бул тууралуу көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Талапкерлердин документтерин кабыл алуу талаптар бекитилген тиешелүү тизменин негизинде 2-30-ноябрь аралыгында Башкы прокуратуранын кадрлар башкармалыгында жүргүзүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Прокуратурада иштей аласызбы? Тест

Ишке кирүүнү каалагандар эмне документтерди топтоо керектигин, болжол менен кандай суроолор бериле тургандыгын, сынак эмненин негизинде жүргүзүлөрүн Башкы прокуратуранын расмий сайтындагы "Кадрлар" бөлүмү деп жазылган жерден билсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0