Кайсы аймакта коронавирустан көп киши каза болду? Статистика

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКүндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирмеге ылайык, коронавирустан каза болгондордун көбү Бишкек шаарында. Андан кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Республикалык штаб кайсы аймакта канча киши коронавирустан көз жумганын айтып, облустардагы статистиканы жарыялады.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирустан 1 111 адам каза тапкан. Анын ичинен көбү, тагыраагы, 547си Бишкекте.

Коронавирустан көз жумгандар:

  • Бишкек шаары — 547;
  • Ош шаары — 66;
  • Чүй облусу — 142;
  • Ош облусу — 79;
  • Талас облусу — 30;
  • Нарын облусу — 64;
  • Ысык-Көл облусу — 83;
  • Жалал-Абад облусу — 62;
  • Баткен облусу — 38.

Коронавируста бөйрөк оорусу өлүм коркунучун эки эсеге жогорулатат

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 52 526га жетти. Анын ичинен 45 863 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0