Бирөө комадан чыга элек. Митингдеги кагылыштан жабыркагандардын абалы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭкс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями
Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-6-октябрда Бишкекте болгон митингден жабыркап, ооруканага жалпы 1 253 киши кайрылган. Булардын ичинен 39 бейтап дарыланып жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы кагылышуудан жабыркагандардын бирөө комада. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Эсенбек Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, 5-6-октябрда Бишкекте болгон митингден жабыркап, ооруканага жалпы 1 253 киши кайрылган.

"Булардын ичинен ооруканага 272 бейтап жаткырылып, бирөө реанимацияга түшүп, дагы бири көз жумган. 1 043 бейтап амбулатордук дарыланууга жиберилген. Азыркы маалда стационарларда 39 бейтап дарыланып жатат, анын бири комада", — деди Жумалиев.

Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын саны:

  • Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору — 17;
  • Улуттук хирургия борбору — 3;
  • Улуттук госпиталь —15;
  • Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасы — 1;
  • Чүй облустук ооруканасы — 3;

Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео

Жумалиев азыркы тапта аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, керектүү дары-дармек менен камсыз болгонун кошумчалады.

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, бир топ адам жабыркап, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0