АКШ: "Трамп" имаратында салаңдап турган кишинин Кыргызстандан экени айтылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын Чикагосундагы Trump Tower имараты. Архив
АКШнын Чикагосундагы Trump Tower имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 13 саатка чукул созулган. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары акциянын демилгечиси Black Lives Matter кыймылынын активисти Эдил Элиев аттуу жигит экендигин айтышты.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШнын Чикагосундагы Trump Tower деп аталган көз жеткис бийик имаратта 13 саат бою аркан менен байланып, салаңдап турган адамдын полицияга багынып бергенин Chicago Tribune жазды.

Буга чейин коомдук тартипти бузган киши асман тиреген имараттын 16 кабатынан белине аркан байланып алып, жекшембиден тарта, болжол менен саат 17:30дан бери илинип тургандыгын жазган. Ал АКШ президенти Дональд Трамптын өзү менен жолугууну ниет кыларын, болбосо өзүн бийиктен таштап жибере тургандыгын айтып коркуткан.

Буту тайып... Бийик имараттын кырында туруп кулап кеткен жигиттин видеосу

"Абал сүйлөшүүлөрдөн улам жакшы жагына чечилди. Шектүү кармалды. Эч ким жабыркаган жок", — деген Чикаго полициясынын кызматкери Том Ахерн.

​Басылманын маалыматына таясак, окуя 13 саатка чукул созулган. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары акциянын демилгечиси Black Lives Matter кыймылынын активисти Эдил Элиев (Eddil Eliev) аттуу жигит экендигин билдиришкен.

Полиция кызматкерлери абалды жөнгө салгыча Trump Tower имаратынын айланасындагы кыймыл токтотулган. Басылма анын тегерек-четине кызыгып келгендердин тобу чогулуп, кээ бирлери "Бэтмен" киносу тартылып жаткан жокпу деген суроолорду да беришкен.

Буга чейин Pledge Times жигиттин курагы 20 жаштын тегерегинде жана ал болжол менен Кыргызстандан экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0