Коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган ооруканалар. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный центр онкологии и гематологии в Бишкеке
Национальный центр онкологии и гематологии в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылганы маалым болду.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбор калаада COVID-19га кабылган бейтаптарды 11 стационар кабыл алууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылды.

COVID-19 менен ооругандарды кабыл алып жаткан ооруканалар:

  • Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы;
  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана;
  • Улуттук госпиталь;
  • Улуттук фтизиатрия борбору;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы;
  • Улуттук хирургия борбору;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • Темир жол ооруканасы;
  • №2 клиникалык төрөт үйү.

Кайсы аймакта коронавирустан көп киши каза болду? Статистика

Аталган ооруканаларда жалпысынан 561 орун даярдалган. Бирок кайсы медициналык мекемеде канча бош орун бар экенин министрликтин картасына (map.covid.kg) кирип карап алуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0