Пульмонолог: балдардын күз-кышта көп оорушу мыйзам ченемдүү көрүнүш

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПаркттагы балдар ойноп турат. Архив
Паркттагы балдар ойноп турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис баланы жайкысын көбүрөөк күнгө ойнотууну сунуштайт. Анткени күндүн нуру тийген маалда организм бөлүп чыгарган D витамини адамды вирустук инфекциялардан коргойт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Балдардын 7-8 жашка чейин күз-кыш мезгилинде бир нече жолу ооруп калышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине пульмонолог Елена Орлова айтып берди. 

"Мектеп жашына чейин балдардын иммунитети толугу менен калыптанып бүтө элек болот. Ал эми күз жана кышта вирустук инфекциялар күч алат. Бул учурда алар алсыз, жаш организмге дароо жабышат. Андыктан бала кыштан таптакыр оорубай чыгып кетиши дээрлик мүмкүн эмес", — деди Орлова.

Адистин айтымында, мындай учурда ата-эненин абалы көбүрөөк роль ойнойт.

Октябрда коронавируска кабылган балдардын саны үч эсеге өстү

"Көпчүлүк балдар мурду бырылдап, аз-маз дене табы көтөрүлүп жакшы болуп кетет. Мындайда балага ыңгайлуу шарт түзүп берип коюу жетиштүү. Бирок айрым ата-энелер паникага алдырып, оголе аша чаап, иммунитетти көтөрүү үчүн кымбат баалуу препараттарды берип, ар кайсы дарыгерлерге алып барышат. Мында бала эле кыйналып калат", — деди пульмонолог.

Анын ордуна адис баланы жайкысын көбүрөөк күнгө ойнотууну сунуштайт. Анткени күндүн нуру тийген маалда организм бөлүп чыгарган D витамини адамды вирустук инфекциялардан коргоого жөндөмдүү келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0