Бишкек менен Жалал-Абадда көбөйүүдө. COVID боюнча соңку статистика

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери иш учурунда
Лабораториянын кызматкери иш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканаларда 2 796 бейтап жатат, ал эми 2 612 киши үй шартында дарыланып жатканын маалымдашты.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 549 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле маалда 305 адам оорудан сакайып чыкты. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19дун жаңы учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек – 125;
  • Жалал-Абад облусу – 117;
  • Баткен облусу – 97;
  • Ош облусу – 82;
  • Чүй облусу – 53;
  • Ош – 37;
  • Ысык-Көл облусу – 24;
  • Талас облусу – 10;
  • Нарын облусу – 4.

Ушуну менен өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке кабылган жарандардын саны 53 459га жетти.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандар:

  • Жалал-Абад облусу – 99;
  • Ош облусу – 78;
  • Бишкек – 39;
  • Баткен облусу – 30;
  • Чүй облусу – 22;
  • Ысык-Көл облусу – 16;
  • Ош шаары – 11;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 3.

Бүгүнкүгө карата алынган маалымат боюнча, 46 444 кыргызстандык коронавирусту жеңип чыкты.

Азыркы тапта ооруканаларда 2 796 бейтап жатат, ал эми 2 612 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле соңку бир суткада COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта турган 10 медик да ооруну жуктуруп алган.

Коронавирустан соңку суткада дагы 5 киши каза тапты

Ал эми вирус илештирип дарыланып жаткан алты ак халатчан сакайып стационардан, ону үй карантининен чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча 3 555 медицина кызматкеринен COVID-19 аныкталган. Алардын ичинен 3200 медкызматкер айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0