Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт

Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди

(жаңыланган 12:09 21.10.2020)
Финпол экс-премьерге Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынганын кабарлап, эгер ал чет өлкөгө чыгууга аракет кылса, кармала турганы айтылган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Финполго суракка келди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Финполдун маалымат кызматы азырынча мурдагы өкмөт башчы кайсы иш боюнча сурак берип жатканын айткан жок.

Белгилей кетсек, 20-октябрда Финпол экс-премьерге Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынганын кабарлаган.

Эгер ал чет өлкөгө чыгууга аракет кылса, кармала турганы айтылган.

Радиожыштык чыры

Эскерте кетсек, жыштык сатуу боюнча ишти Аскер прокуратурасы менен УКМК иликтөөдө.

Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-жетекчиси Наталья Черногубова уюлдук операторлордун бири жана Байланыш комитетинин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен кармалган. Андан кийин агенттиктеги коррупция иши боюнча беш адам колго түшүрүлгөн, арасында УКМКнын да кызматкерлери бар экени айтылган болчу.

Жапыкеев: ири суммадагы акча уурдагандардын иши биринчи каралат

20-май күнү депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште өкмөт эки радиожыштыкты төмөн баада сатканын билдирген. Эл өкүлүнүн айтымында, мындай аракет премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кийлигишүүсү жок ишке ашмак эмес. Акаев келтирилген зыянды 5 миллиард сом деп баалаган. Эртеси Абылгазиев айыптоолорго жооп берип, тергөөгө басым жасады деген кинеден оолак болуу үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыккан.

12-июнда аталган иштин алкагында "Ала-ТВ" компаниясынын негиздөөчүсү кармалган (ушул компаниянын жыштыгы уюлдук операторго сатылганы айтылган).

 

15-июнда Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишке тиешеси жок экенин айтып, отставкага кеткен.

Белгилер:
өкмөт башчы, сурак, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
ЖКнын шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча жыйыны. Онлайн-репортаж
БШК бул жолку шайлоого канча каражат кетерин кабарлады
Ооруканада палатадагы капельница. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланып төртүнчү бейтап ооруканага түштү

(жаңыланган 22:48 20.04.2021)
Учурда бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Белгилер:
Бишкек, уулануу, бейтап, оорукана, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги
Милиция кызматкерлерин фуражкалары. Архив

Айзада киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган 3 милиционер жазаланды

(жаңыланган 22:52 20.04.2021)
Анын ичинде кылмыш катталган жерге медициналык кол капты таштап салуу фактысы боюнча да иликтөө жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.

Ким кандай жаза алды:

  • Аламүдүн РИИБдин жоруктар бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты А. Экеевге катуу сөгүш;
  • Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын майору К. Самаевге катуу сөгүш;
  • Аламүдүн РИИБдин Криминалдык топту коштоп жүрүүчү инспектор-криминалист, милициянын капитаны М. Янванчиновго кызматына дал келбестиги боюнча эскертүү.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.

Белгилер:
Айзада Канатбекова, жаза, сүрөт, өлүм, кызматкер, милиция, кылмыш
Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
Тема боюнча
Кабар алып туралычы! Эже-карындашына кайдыгер ага-инилерге кайрылуу
ИИМ: митингчилерди милиция кызматкерлери кууган эмес