Коронавирустан соңку суткада дагы 4 киши каза тапты

© REUTERS / KACPER PEMPELДокумент толтуруп жаткан медицина кызматкери
Документ толтуруп жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемия Кыргызстанды аралагандан бери пневмония жана коронавирус экөө биригип, 1 122 адамдын өмүрүн алды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктурган төрт киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Алардын бири Баткен, бири Ош облусунун, дагы экөө Бишкек шаарынын тургундары.

Бул оору Кыргызстанды аралагандан бери 1 122 адамдын өмүрүн алды.

Саламаттык сактоо министрлиги санитардык нормаларды сактоону, бет кап тагынуу керектигин элге  улам-улам эскертүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0