Бир суткада 547 кишиден коронавирус аныкталды. Анын алтоо медик

© AFP / NOAH SEELAMКоронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери
Коронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда 54 006 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинен 46 726 бейтап айыккан.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада дагы 547 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 123;
  • Ош – 52;
  • Чүй облусу – 76;
  • Ош облусу – 85;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 23;
  • Жалал-Абад облусу – 79;
  • Баткен облусу – 90.

Бир суткада өлкө боюнча 282 бейтап ооруну жеңгени айтылды.

Айыккандар:

  • Бишкек – 41;
  • Ош шаары – 29;
  • Чүй облусу – 26;
  • Ош облусу – 72;
  • Талас облусу – 13;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 58;
  • Баткен облусу – 23.

Жалпысынан алганда 54 006 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинен 46 726 бейтап айыгып чыкты.

Азыркы маалда 2 919 киши стационарларда, ал эми 2 745 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

 Алар:

  • Ош шаарында – 2;
  • Ош облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 2.

Бишкектин ооруканаларында канча бош орун бар? Тизме

Ал эми бир суткада стационардан сегиз, үй карантининен 12 медкызматкер айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0