БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президентке кеңешчи болгон мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды берүүгө чакырды.
Алгач ал элдин колдоосуна ыраазычылыгын билдирип, өмүрүнүн 22 жылдан ашык убактысын мекенге кызмат кылууга арнаганын белгилеген.
"Бүгүн биздин өлкө оор абалда. Ушундай учурда мекениме жардам берүү үчүн бардык билимимди, тажрыйбамды, эл аралык байланыштарымды жумшоону милдетим деп эсептейм. Эл үчүн ишимди улантууга мүмкүнчүлүк берген урматтуу Садыр Нургожоевичке ыраазымын. Мен тышкы саясаттагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана союздаштарыбыз, өнөктөштөрүбүз менен ишенимдүү мамилелерди калыбына келтирүүгө басым жасоону пландап жатам", — деп жазган Айдарбеков.
Аны менен катар дипломат көз карандысыздыкка жетишкен дээрлик 30 жылда таланттуу, шыктуу, акылдуу, келечектүү жаштардын бүтүндөй мууну өсүп чыкканын белгиледи.
"Эл эртең эмес, бүгүн жакшы жакка өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Өлкөнүн өнүгүшүн көздөгөн сунуштарды киргизиңиздер", — деп кайрылды Айдарбеков.
Мындан сырткары, ал тышкы иштер министри болуп турганда жасаган иштерине токтолуп, түздөн-түз чет элдик инвестицияларды тартууга жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө көп көңүл бурганын, эл аралык аренада бардыгы менен өз ара пайдалуу жана бирдей, тең мамиле түзгөнүн билдирди. Ал иштеринин жыйынтыгы жана мерчемделген кадамдары туурасында жакын арада баяндама жасай турганын айтты.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 22-октябрда, президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Индияда беш айда 40 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун сырын ачты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
32 жаштагы Саана Шеттинин айтымында, дарыгерлер анын канында кант менен холестерин жогору экенин, булар ден соолукту талкалай турганын айтканда капалана нес болгон. Кийин ал өзүн колго алып, арыктоону чечкен. Анда анын салмагы 125 килограмм болчу.
Анын айтымында, салмак таштоонун сыры жеген тамактын түрүнөн эмес анын көлөмүнөн көз каранды.
"Ченеми менен жеш керек. Тамактын порциясына тыкыр көз салып жатып кыска убакытта чоң салмактан арыла алдым. Ошондой эле азыкты жакшылап чайнап туруп анан жутуш керек", — деген ал.
Мындан тышкары, дароо шекерден, ун азыктарынан жана вегетериандык эмес азыктардан баш тарткан. Буга кошумча жөө басып, йога менен алектенген.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.
"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.
Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.