Кыргызстандан Өзбекстанга баруунун жол-жобосу айтылды

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүЖүргүнчүнүн абалын текшерип жаткан медицина кызматкери. Архив
Жүргүнчүнүн абалын текшерип жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөгө кирип-чыгууда эч кандай чектөө жок. Бирок сапарга чыгар алдында коронавируска ПЦР-тест тапшыруу зарыл.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары Өзбекстанга кандайча бара аларын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева айтып берди.

Алгач жолго чыгар алдында акыркы 72 саатта коронавируска тапшырган ПЦР-тесттин жыйынтыгы тууралуу маалым кат даярдоо керек.

Казакстан мындан ары ПЦР-тести жок эч кимди киргизбейт

Өзбекстанга Кыргызстандан учак же автоунаа менен жетүүгө болот, кирип-чыгууга эч кандай чектөө коюлган эмес.

Ал эми чек арадан "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Маданият" жана "Баймак" бекеттери аркылуу өтүүгө болот.

Транспорт каражаттары кыргыз-өзбек чек арасын "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай" өткөрүү пункттары аркылуу кесип өтө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0