Бир суткада 556 кишиден COVID табылып, 287 адам сакайды. Жаңы статистика

© REUTERS / Bing Guan / File PhotoСитуация в США из-за пандемии коронавируса
Ситуация в США из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстан боюнча 3 300 киши стационарларда, ал эми 2 871 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада дагы 556 кишиден коронавирус аныкталды. 287 кишинин оорудан сакайып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 149;
  • Ош шаары – 34;
  • Чүй облусу – 67;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 23;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 83;
  • Баткен облусу – 86.

COVID: Кыргызстанда cоңку суткада төрт киши көз жумду

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 32;
  • Ош шаары – 45;
  • Чүй облусу – 35;
  • Ош облусу – 60;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 73;
  • Баткен облусу – 23.

Жалпысынан алганда 55 144 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинен 47 337 бейтап айыгып чыкты.

Азыркы тапта 3 300 киши стационарда, ал эми 2 871 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө бирден медик коронавирус жуктуруп алганы айтылды.

Ал эми кечээтен бери стационардан үч, үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0