15 жыл ичинде Кыргызстанда диний мекемелердин саны 1,7%га өстү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-Байрама в городах России
Празднование Курбан-Байрама в городах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда салттуу болуп негизинен ислам жана христиан диндери эсептелинет. Калктын бир аз гана бөлүгү протестанттык кыймылдарга кошулуп жүрөт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Акыркы 15 жыл ичинде Кыргызстанда диний мекемелердин саны 1,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2020-жылдын 1-январына карата маалымат боюнча өлкөдө 3 329 диний бирикме, уюмдар жана окуу жайлары бар. Анын ичинен 87 пайызы ислам, 12 пайызы христиандык уюмдар. Калган бир пайызы иудаизм, буддизм, бахаи диндерине тиешелүү мекемелерге туура келет.

Жума намазын мечитте окууга уруксат берилип, муфтият эрежелерди эскертти

Кыргызстандагы диний мекемелердин эң көбү мечиттер. Ушул тапта өлкө аймагында 2 688 мечит иштейт. Андан кийинки орундарда медреселер (131), элүүнчүлөр (79), баптисттер уюмдары (60), Православ коому (47) турат. Мындан тышкары, 12 жогорку окуу жай диний агартуучулук менен алектенет.

Диний уюмдардын эң көбү Ош обусунда (977), эң азы Нарында (126) катталган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0