COVID-19: Бишкекте бош оруну бар ооруканалардын тизмеси

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бөлмө. Архив
Ооруканадагы бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканаларда мурдагы күндөргө салыштырмалуу орундар азайганы байкалды. Акыркы маалыматтар боюнча, эң көп бош орун Кардиология борбору менен №1 шаардык клиникалык ооруканасында бар.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

25-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 121 бош орун бар.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 5;
  • Улуттук хирургия борбору — 5;
  • Улуттук госпиталь — 17;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 28;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 19;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 10;
  • Темир жол ооруканасы — 6;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 13;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 6;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 16.
Жаңылыктар түрмөгү
0