Көйнөк, тебетей кийген Тыныбекова. Спортчунун сүрөтү соцтармакты суктантты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныбекова сүрөтүнүн алдына кыргыздын салттуу кийими менен фотосессия уюштурууну көптөн бери пландап жүргөнүн жазган.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыргыздын салттуу кийими менен түшкөн сүрөтүн Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

Спортчунун айтымында, ал мындай фотосессия уюштурууну көптөн бери пландап жүргөн.

"Ойлогонубуз ишке ашты. Менимче фотосессия эң сонун болду. Жонумда кызыл кенен көйнөк, чыптама, башымда тебетей жана ар кандай кооздуктар. Биз бул сүрөт менен эки доорду бириктире алдык", — деп жазган Тыныбекова.

Интернет колдонуучулары спортчу кыздын сүрөтүнүн алдына суктанган билдирүүлөрдү калтырып, ага салттуу кийим жараша турганын жазышкан.

Айсулуу Тыныбековага өмүр бою стипендия берилмекчи. Суммасы айтылды

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0