Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровМамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы. Архив
Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-октябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. 26-октябрь, дүйшөмбүдө, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көлдө жана Нарын жергесинде +9...+14 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +17...+19, ал эми Ошто +19...+21 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0