Вандалдар Бишкектин чок ортосундагы скульптураны өрттөп кетишти. Видео

CC0 / Pixabay / PavlofoxКолунда күйүп турган ширеңке менен киши. Архив
Колунда күйүп турган ширеңке менен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Скульптура 2018-жылдан бери турган. Кээде анын лагын жаңыртуу үчүн атайын кызматтар алып кетип турушкан.

БИШКЕК, 25-окт. – Sputnik. Бишкектин Эркиндик проспектиндеги жыгачтан жасалган павлиндин скульптурасын вандалдар өрттөп кетишти. Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева Facebook баракчасына жазды.

“Акыркы кезде вандалдар тууралуу бат-баттан жазып калганым абдан өкүнүчтүү. Павлиндин скульптурасы 2018-жылдан бери турган. Кээде анын лагын жаңыртуу үчүн алып кетип турчубуз. Эми аны вандалдар өрттөп салыптыр. Эмнеге мындай кадамга барышканы белгисиз”, - деди Айдаралиева.

Анын айтымында, видео төрт күн мурда тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0