Картаюуну жайлатуунун дагы бир жолу табылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАял китеп окуп отурат
Аял китеп окуп отурат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис айтылган сунуштарды аткарып туруу мээдеги нейрондорду жаңылап, организмдин картайышын кечеңдетерин билдирген.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Алып баруучу жана дарыгер Александр Мясников организмди карытпай турууга жардам берген ыкманы атаганын РИА Новости жазды.

Анын айтымында, адам дайыма бир нерсени үйрөнүп турушу зарыл. Анткени билим алуу мээдеги нейрондорду жаңылап, организмдин картайышын кечеңдетет.

Мясников окурмандарга тил өздөштүрүүнү жана дене тарбиялык оор көнүгүүлөрдү аткарууну сунуштаган.

"Жасаңыз, аракет кылыңыз, жаңы нерсени үйрөнүңүз! Картайбайм десеңиз өзгөрүүлөрдөн коркпоңуз", — деген дарыгер.

Адис адам карып бара жаткандагы эң маанилүү үч куракты атады

Буга чейин Гарвард университетинин (АКШ) адистери карылыкты кечеңдеткен 10 азыктын тизмесин жарыялаган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0