COVID-19га кабылгандар кайсы ооруканага кайрыла алат? Бишкектеги бош орундар

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматка ылайык, ооруканаларда 118 бош орун бар. Кечээ буга салыштырмалуу орун көп болчу.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

26-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 118 орун бар. Кечээ буга салыштырмалуу бир аз көп болчу.

COVID-19. Дарыгер өзүн-өзү дарылоонун кесепетин айтты

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 6;
  • Улуттук хирургия борбору — 4;
  • Улуттук госпиталь — 15;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 29;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 20;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 1;
  • Темир жол ооруканасы — 8;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 9;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 9;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 15.
Жаңылыктар түрмөгү
0