Коомдук автобустун айдоочулары. Архив

Бишкек мэриясы коомдук транспорттун айдоочуларын куттуктады

79
(жаңыланган 11:05 26.10.2020)
Бүгүн, 26-октябрь — автоунаа транспорту менен жол чарба кызматкерлеринин күнү. Калаа мэриясы учурда коомдук транспорттун ишин реформалоо боюнча активдүү иш жүрүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы маршрутка, автобус жана троллейбус айдоочуларын кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 26-октябрда, транспорт  жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Аны утурлай бишкектик айдоочулар футбол боюнча жолдоштук турнир өткөрүшкөн. Финалдык кармашта Троллейбус башкармалыгынын командасы Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын тайпасын утуп алган.

Бишкектиктер коомдук транспорттун кыймылын смартфондон көрө алышат. Жаңы долбоор

"Күн сайын 1 000дей троллейбус жана автобус айдоочусу менен кичи автобустун 1 200 шоферу шаарда эл ташып иштейт. Оор күндөрдө, анын ичинде пандемия маалында айдоочулар өз милдетин так аткарып жатышты. Бишкек мэриясы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгилик жана чыдамкайлык каалайт. Сиздердин жумуш биз үчүн абдан маанилүү", — деп айтылат маалыматта.

Учурда коомдук транспорттун ишин реформалоо боюнча активдүү иш жүрүп жатканы айтылды.

79
Белгилер:
куттуктоо, майрам, кесип, айдоочу, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Мэрия: Мурас-Ордо конушунун инфраструктурасы жакшыртылып жатат
COVID-19 вакцинасынын изилдөө иштери. Архивдик сүрөт

Кыргызстан ЕККУдан вакцина сатып алууга көмөктөшүүнү өтүндү

4
(жаңыланган 14:06 05.12.2020)
Вакцина баары үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Ошону менен бирге эле айрым мамлекеттердин да препаратты ыксыз көп сатып алуусуна жол бербөө керек.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри ЕККУну өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавируска каршы вакцина сатып алууга жардам берүүгө чакырды.

ТИМдин маалыматы боюнча, Казакбаев 3-4-декабрь күндөрү ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин 27-жыйынына катышкан.

"Министр өз сөзүндө COVID-19га каршы вакцинанын жалпыга жеткиликтүү болушун камсыздоо маселеси курч экенин белгиледи. Мындан тышкары, препаратты элинин саны аз өлкөлөрдүн ыксыз көп сатып алуусуна да жол берилбеши керектигине токтолгон. Мындан улам ЕККУдан өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге вакцинаны сатып алууга жардам берүүнү өтүндү", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ооруга каршы бир катар вакцина иштелип чыккан, анын үчөө Россияга таандык. Жакында эле РФ президенти Владимир Путин үч вакцинаны тең ЖККУ өлкөлөрүнө жеткирүү маселеси жана биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирген.

4
Белгилер:
коронавирус, Россия, ЕККУ, вакцина, Руслан Казакбаев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстан референдум өткөрүүгө БУУдан техникалык жардам сурады
COVID-19 каршы вакцинация өткөрүү. Архивдик сүрөт

Москвада адамдарды коронавируска каршы эмдөө башталды

14
(жаңыланган 13:32 05.12.2020)
Азырынча эмдөөдөн саламаттык сактоо тармагында жана шаардык социалдык кызматтарда иштегендер өтө алат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Москвада чоңдордун бейтапканасында коронавируска каршы вакцинациялоо кабинети иштей баштады. Бул туурасында РИА Новости билдирди. 

Учурда 70 кабинет элди кабыл алып жатат, жыл соңуна чейин дагы 100 бөлмө ачылары айтылат. Медиктер жарандарды эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейин кабыл алат.

Азырынча эмдөөдөн тобокелчилик тобундагы адамдар — билим берүү, саламаттык сактоо тармагында жана шаардык социалдык кызматтарда иштегендер өтө алат.  Ал үчүн mos.ru сайты аркылуу алдын ала (эки жума мурун) кезекке жазылуу керек.

18ден 60 жашка чейинки курактагы, өнөкөт оорулары жок, мурда коронавирустун вакцинасын клиникалык изилдөөгө катышпаган, соңку 30 күндүн аралыгында эмделбеген, курч респиратордук оорулар менен оорубаган москвалыктар вакцина ала алат. Ал эми кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга колдонууга болбойт.

Алар Гамалея борборунда иштелип чыккан "Спутник V" вакцинасы менен эмдөөдөн өтүшөт. Препараттын негизги артыкчылыгы коопсуз, майнаптуу жана узакка созулган терс кесепети жок ыкмаларсыз жасалгандыгында экендигин айтышкан.

Россияда азыркы тапта "Спутник V" препараты эки миллиондон ашуун дозада чыгарылган. Эмдөө кеңейтилип отуруп Москванын бардык тургундарына жасалат.

Вице-премьер Татьяна Голикова кийинки жуманын аягында Россиянын бардык региондорунда вакцинация башталарын билдирген.

14
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирус G20 саммитин бузду. Батыш башканын вакцинасын батырбайт
Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр
Адис COVID-19га каршы вакцина организмди канчалык коргой аларын айтты