COVID: Кызыл Ай коомунун Бишкектеги ыктыярчылар бригадасы ишке киришти

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык уюмдун түзгөн бригадалары дарыгерлер менен ыктыярчылардан турат жана күнү-түнү нөөмөттө болот.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Кыргызстандагы Кызыл Ай коомунун Бишкек шаары боюнча ыктыярчылар бригадасы COVID жуктурган адамдарга барып жардам көрсөтүү кызматын кайрадан баштады. Бул туурасында аталган уюмдан кабарлашты.

"26-октябрдан тарта Кызыл Айдын командасы коронавируска шектелген жана тез арада көрсөтүлүүчү жардамга муктаж болгон жарандарга бара баштайт. Бригадалар дарыгерлер менен ыктыярчылардан турат жана күнү-түнү нөөмөттө болот", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек: мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Дареги

Команда зарыл болгон медициналык каражаттар менен жабдылганы, тагыраагы, атайын адистештирилген автоунаада кычкылтек концентратору, пульсоксиметр, дем алдыра турган Амбу баштыкчалары, замбилдер бар экендиги айтылды.

"Коронавируска шектенген жарандар 0502 300 190, 0704 007 574 телефон номерлерине чалса болот", — деп билдиришти Кызыл Айдан.

Уюмдан медиктер жана Тез жардам кызматы үлгүрбөй, ооруган адамдар кыйчалыш абалда калганда жардам көрсөтүп, зарылдыгы болсо ташып баруу милдетин аталган бригадалар алгандыгын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0