Өткөн суткада 420 киши коронавирус жуктурса, 227 бейтап айыкты

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта 3 399 бейтап стационарларда, ал эми 3 274 киши амбулатордук шартта дарыланууда. Өткөн суткада 13 медиктен коронавирус табылган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бир суткада Кыргызстанда коронавирус 420 кишиден аныкталса, 227 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 98;
  • Ош – 32;
  • Чүй облусу – 26;
  • Ош облусу – 51;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 112;
  • Баткен облусу – 49.

Айыккандар:

  • Бишкек – 39;
  • Ош шаары – 19;
  • Чүй облусу – 20;
  • Ош облусу – 31;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 55;
  • Баткен облусу – 32.

Жалпысынан алганда коронавирус жуктургандардын саны 56 170ке жетти. Анын ичинен 47 843 бейтап ооруну жеңди. Бактыга жараша, өткөн суткада өлүм учурлары катталган жок.

Азыркы тапта 3 399 бейтап стационарларда, ал эми 3 274 киши амбулатордук шартта дарыланышууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар:

  • Бишкек шаары – 1;
  • Ош шаары – 2;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Талас облусу – 4.

COVID-19га кабылгандар кайсы ооруканага кайрыла алат? Бишкектеги бош орундар

Ошол эле маалда 14 медик коронавирустан айыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0