Тез жардам кызматкерлери. Архив

Борисов: Тез жардамдын медиктери айлыктан улам жумуштан ыйлап кетип жатышат

204
(жаңыланган 14:35 26.10.2020)
Буга чейин өкмөт башчы Садыр Жапаров жыл соңуна чейинки жетишсиздик 30 миллиард сомдон ашык экенин билдирип, бюджет тешигин бүтөө зарылдыгын айткан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Айлыктын аздыгынан улам медиктер жумушун таштап жатышат. Бул тууралуу Ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов Twitter тармагындагы баракчасына жазды.

​Анын айтымында, учурда 80 дарыгерге бош вакансия бар.

"Азыр иштеп жаткан медиктер дагы жумуштан кетүү жөнүндө көп айта башташты. Кептин баары маянада болуп жатат. Азыркы абалды баарыбыз көрүп, түшүнүп турабыз. Андыктан айлык көбөйөт дегенге эч ким ишенбей калды. Медиктер көздөрүнө жаш алып иштен кетип жатышат. Жумушун сүйөт, бирок жегенге тамак керек да", — деди Борисов.

Эске салсак, буга чейин өкмөт башчы Садыр Жапаров жыл соңуна чейинки жетишсиздик 30 миллиард сомдон ашык экенин билдирип, бюджет тешигин бүтөө зарылдыгын айткан. Ал эми тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга болгон сапарында жылдын аягына чейин бюджет дефицити 450 миллион долларга жетерин белгилеген.

204
Белгилер:
айлык-акы, дарыгер, медик, тез жардам, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2415)
Тема боюнча
Бир суткада 547 кишиден коронавирус аныкталды. Анын алтоо медик
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

36
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

36
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Парктагы кишилер

Ишембиге карата аба ырайы

56
(жаңыланган 22:26 27.11.2020)
28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас өрөөнүндө -4...+1 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -3...+2, Ысык-Көл ойдуңунда 1...6, Нарын жергесинде -4...+1 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын башы 0...+2 градуска жетет.

56
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже
Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү кар жаайт