Суу түтүктөрү. Архивдик сүрөт

Баткендеги чек ара чыры: тажик тарап суу түтүктөрүн кайра ала баштады

288
Кечээ тажик жарандары Үч-Төбө айылында жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок алар кайым айтышып туруп алгандыктан асманга ок атылган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Тажикстандын жарандары такталбаган чек ара тилкесинде орнотуп жаткан суу түтүктөрүн демонтаж кыла баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган кызматтын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын курган.

"Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 14:50дө тажик тарап кечээ такталбаган мамлекеттик чек ара тилкесинде орнотуп жаткан суу түтүктөрүн демонтаж кыла баштады", — деп айтылат маалыматта.

Полковник Алимбаев чек арага канатташ аймактын калкын коргоого жана мамлекеттик чек аранын бардык тилкелеринде чыр-чатактардын алдын алууга багытталган чараларды көрүү керектигин белгилеген.

Чечилбеген көйгөй болбойт! Жапаров Чек ара кызматынын төрагасына жолукту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинин Үч-Дөбө жергесинде кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Эске салсак, кечээ, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп баштаганда, кыргыз чек арачылары тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап баш ийбей кайым айтышканда, эскертүү катары асманга ок атылган. Ошондон кийин түтүк өткөрүү иши токтотулуп, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзө башташкан.

288
Белгилер:
түтүк, Суу, Мамлекеттик чек ара кызматы, Баткен
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты
Аял кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

130
4-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрда күндүз өлкөдө суук болуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Талас жана Нарын өрөөндөрүндө -4…+1, Ысык-Көлдө -1…+4 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында кар жааса, Бишкекте күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда 0…+2, Ош шаарында +3…+5 градус жылыйт.

 

130
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр. Архив

Бишкектин айрым жерлеринде 4-декабрда жарык жок болот. Тизме

91
Жарык борбор калаанын төрт конушу менен ондон ашуун көчөсүндө өчүрүлөт. Монтаждоочу бригада электр тармагынын ишин жакшыртмакчы.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда эртең, 4-декабрда, электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы кабарлады.

Жарык жок болот деген жерлер:

  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Арстанбап, Кулмурзаев көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Карасаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн айрым жерлеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Древесная көчөсү менен Эстония тилкесинин кесилишинде;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Кара-Балта, Коммунаров, Жаз көчөлөрүнүн жана Ала-Тоо (Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Камыр Ата көчөлөрүндө), "Арча-Бешик" (Бердибаева, Сулуу-Төр, Садырбаева, Ойсул-Ата көчөлөрүндө), Ак-Босого (Чүй 52 жана 55) жаңы конуштарынын айрым жерлеринде.
91
Белгилер:
көчө, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги авариялык өчүрүү боюнча комиссия түзүлүп, ишти иликтемей болду
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө. Архив

Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме

47
(жаңыланган 00:40 04.12.2020)
Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

  • Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
  • Адахан Мадумаров — 39 856;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
  • Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
  • Бабыржан Төлбаев — 58 029;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 300;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
  • Имамидин Ташов (саны белгисиз);
  • Канатбек Исаев (саны белгисиз);
  • Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
  • Клара Сооронкулова — 33 458;
  • Кубан Чороев — 39 053;
  • Курсан Асанов — 43 864;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874;
  • Рашид Тагаев — 40 651;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
  • Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
  • Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

47
Белгилер:
талапкер, БШК, күрөө, кол, тизме, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме