Канча медик 200 миң сомдон компенсация алды? Министрдин жообу

Жазылуу
Ак халатчандарга кызыл зонада иштегендиги үчүн дагы кошумча каражат каралган. Сентябрда 5 241 медикке жалпы суммасы 71 миллион 671 миң 429 сом компенсациялык төлөм берилгени айтылды.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган 377 медицина кызматкерине 200 миң сомдон компенсация төлөндү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын кароосуна медиктерден жалпы 2000ге жакын документ келип түшкөн.

"Анын ичинен 337сине 200 миң сомдон компенсация берилди. Мындан тышкары, каза болгон 27 медиктин жакындарына 1 миллион акчалай жардам каралды", — деди Бейшеналиев.

Казакстан: COVID жана пневмонияга кабылган медиктерге компенсация төлөнбөйт

Ак халатчандарга кызыл зонада иштегендиги үчүн дагы кошумча каражат каралган. Сентябрда 5 241 медикке жалпы суммасы 71 миллион 671 миң 429 сом компенсациялык төлөм берилгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0