Нарын облусуна жайгашкан памирлик кыргыздар Ош облусунун Алай районуна көчүрүлдү

Нарынга жайгашкан памирлик кыргыздар Алайга көчүрүлдү

567
(жаңыланган 18:22 26.10.2020)
Памирлик кыргыздар буга чейин Нарын шаары менен Ат-Башы районунда жашап келген. Кайрылман макамы менен келген жарандардын балдары мектепке тартылып, билим алууга толук шарт түзүлгөн.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Нарын облусуна жайгашкан памирлик кыргыздар Ош облусунун Алай районуна көчүрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Эске салсак, памирлик кыргыздар 2017-жылы октябрь айында Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймактарынан билим алуу максатында алып келинген.

  • Памирские кыргызы во время их переселения из Нарына в Алайский район Ошской области
    Нарын облусуна жайгашкан памирлик кыргыздар Ош облусунун Алай районуна көчүрүлдү
    © Sputnik
  • Памирские кыргызы во время их переселения из Нарына в Алайский район Ошской области
    Эске салсак, памирлик кыргыздар 2017-жылы октябрь айында Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймактарынан билим алуу максатында алып келинген.
    © Sputnik
  • Памирские кыргызы во время их переселения из Нарына в Алайский район Ошской области
    Кабарчынын айтымында, Алайда курулган кыштакчага 27 адам кетүүдө.
    © Sputnik
1 / 3
© Sputnik
Нарын облусуна жайгашкан памирлик кыргыздар Ош облусунун Алай районуна көчүрүлдү

Кабарчынын айтымында, Алайда курулган кыштакчага 27 адам кетүүдө.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдиргендей, памирлик кыргыздар буга чейин Нарын шаары менен Ат-Башы районунда жашап келген. Кайрылман макамы менен келген жарандардын балдары мектепке тартылып, билим алууга толук шарт түзүлгөн. Алардын ичинен экөө азыркы убакта жогорку окуу жайда билим алышууда.

"19 балага жөлөк пул, үч адамга пенсия чектелип берилди. Мунун баары памирлик кыргыздарга кепилдик берүү боюнча мыйзамдын алкагында ишке ашты. Алайга көчүп кетип жаткан алты үй-бүлөгө атайын жер берилип, үйлөр курулган. Ошол жерге барып жайгашышат. Учурда аларды жумуш орду менен камсыз кылуу жагы да каралууда", — деди Ибраева.

Ат-Башыда демөөрчүлөр Памирден келген бүлөгө там салып беришти. Сүрөт

Мындан сырткары, 2017-жылы Нарынга Памирден дагы 10 үй-бүлө алып келинген. Анын ичинен эки үй-бүлө Чүй облусунун Кант шаарына көчүп кетсе, эки үй-бүлө Нарын шаары жана Ат-Башы районунда жашап жатат.

567
Белгилер:
кайрылман, көчүрүү, Памир кыргыздары, Алай району, Нарын
Тема боюнча
Айдарбеков Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча афган кесиптеши менен сүйлөштү
Ат-Башыда демөөрчүлөр Памирден келген бүлөгө там салып беришти. Сүрөт
Көчөдө беткап кийип бараткан кишилер. Архивдик сүрөт

Адис: коронавирус сасык тумоо менен грипптин катарына кошулуп келе жатат

4
"Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Попова COVID эми жыл сайын суук түшкөн маалда келе берет деп божомолдоодо.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Коронавирус акырындык менен грипп, сасык тумоо сыяктуу сезондук инфекциялардын катарына кошулуп бара жатат. Бул тууралуу "Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Поповага шилтеме берип РИА Новости жазды. 

"COVID-19 башка вирустардай эле сезондук инфекцияга айланып бара жатат. Менимче, ал жыл сайын күн сууктаган маалда активдешет", — деди Попова.

Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылдын башында Европада коронавирустун үчүнчү толкуну боюнча коркунуч бар экенин эскертти.

Дүйнө жүзү боюнча алсак, коронавирус жуктургандардын саны 60 миллионго чукулдап калды. Бейтаптардын саны боюнча алдыңкы орундарда АКШ (12,5 миллион), Индия (9 миллион) жана Бразилия (6 миллион) мамлекеттери келе жатат.

4
Белгилер:
сасык тумоо, грипп, коронавирус, Дүйнө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Сагыз чайнаба, тамак ичпе! Коронавируска тест тапшырарда билип алчу эрежелер
Белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев. Архив

Кыргыздын көрүнүктүү инсаны. Шабданбек Кулуевге жазылган некролог

48
Кулуев кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан болгону белгиленет.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев узакка созулган оорудан улам 78 жаш курагында дүйнө салып, кыргыз маданияты жана билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. Бул туурасында президенттин аппараты тараткан некрологдо жазылган.

Анда Кулуев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРдин эл мугалими, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири экени белгиленген.

"Кыргыз улуттук маданиятына жана билим берүү тармагына, кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан Шабданбек Кулуевдин адамдык парасаты жана жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп жазылган некрологдо.

Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы Жайыл районундагы Кызыл-Ой, Каракол айылдарынын орто мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1990-жылдары Жумгал районундагы Жумгал, М. В. Фрунзе атындагы орто мектептерде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, директор, 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектепте математика мугалими болуп эмгектенген.

Мугалимдик кесип менен бирге журналисттик кесипти да айкалыштырып, "Кыргыз туусу" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

Шабданбек Кулуев кыргыз элине акын катары да кеңири таанымал. Нукура таланты менен керемет ырларды жазып, мыкты китептерди чыгарган. "Куланчы мерген", "Алас-алас", "Кийик-Сай", "Кылымдар жаңырыгы", "Сезим кайрыктары" ыр жыйнактары, "Мидин минткен экен" сатиралык аңгемелер жыйнагы, "Эл-жер баяны", "Өмүр издери" публицистикалык жыйнактары жарык көргөн.

1991-жылдан тартып Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

48
Белгилер:
автор, акын, оору, некролог, өлүм, Шабданбек Кулуев
Тема боюнча
КР гимнин жазган авторлордун бири Шабданбек Кулуев дүйнө салды