Алайда энесин өлтүрүп алган окуучу кыз эркиндикке чыгарылды. Окуянын чоо-жайы

© Фото / Pixabay / StockSnapКыздын силуэти. Архив
Кыздын силуэти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм кыздын атасы мындан 7-8 жыл мурда каза болгон. Ал эми энеси көп жылдан бери ичкиликке берилип жүргөн. Каза болгон күнү да мас абалында болгон.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Алай районунда 52 жаштагы энесинин өлүмүнө шектелип кармалган 17 жаштагы окуучу кыз кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Каргашалуу окуя ушул жылдын 24-апрелинде Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүндө болгон. Өспүрүм кыздын атасы мындан 7-8 жыл мурда каза болгон. Ал эми энеси көп жылдан бери ичкиликке берилип жүргөн. Каза болгон күнү да мас абалында болгон.

Кара-Көлдө май ташыган унаадан адамдын сөөгү табылып, шектүү аял кармалды

“Окуучу кыз менен энесинин ортосунда пикир келишпестик жаралып, кызы колуна кулпуну алып, апасынын башына 2-3 жолу чаап жиберген. Жабырлануучунун башынан кан агып, жаткан жеринде каза болгон. Үйдө экөө гана жашап жүрүшкөн. Бул иш боюнча иликтөө башталып, кыз эки айга камакка алынган болчу. Каза болгон аял төрт баланын энеси. Кылмышка шектүү С.А.нын ишин Алай райондук соту 14-октябрь күнү карап, сот залынан бошотту”, — дешти соттон.

Кыз Жазык кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүмү ("Аффект абалында киши өлтүрүү") менен күнөөлүү деп табылып, Жазык кодексинин 60-беренесинин ("Кодекстин өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунун негизинде жазык жоопкерчилигинен бошотуу") негизинде иши өндүрүштөн кыскартылып, жазык жоопкерчилигинен бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0