Бир күндө 568 адамдан COVID-19 аныкталды, 3 400 бейтап ооруканада

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта COVID-19 жуктурган 3 398 бейтап ооруканада жатат, ал эми үй шартында 3 454 адам дарыланууда.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 568 адамдан коронавирус аныкталып, 380 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Оору жуктуруп алгандар борбор калаада жана Жалал-Абад, Баткен облустарында көбүрөөк катталууда.

  • Бишкек - 159;
  • Баткен облусу - 129;
  • Жалал-Абад облусу – 120;
  • Чүй облусу – 56;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Ош - 29;
  • Ош облусу - 17;
  • Талас облусу - 16;
  • Нарын облусу - 4.

Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктуруп алган кыргызстандыктардын саны 56 738ге жетти.

Күндөн-күнгө азаюуда. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундардын саны

Ошол эле учурда 380 бейтап ооруну жеңип чыккан:

  • Ош облусу – 86;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Бишкек – 67;
  • Баткен облусу – 41;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош шаары – 29;
  • Ысык-Көл облусу – 16;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 10.

Ушуну менен 48 223 адам коронавирустан сакайды.

Тилекке каршы, бир күндө эки киши бул илдеттин кесепетинен каза болду. Жалпысынан алганда 1 136 кыргызстандык ажал тапты.

Азыркы тапта ооруканаларда 3 398 бейтап жатат, ал эми үй шартында 3 454 адам дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0