Альфа элиталык кызматынын кызматкери. Архивдик сүрөт

Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! "Альфа" элиталык кызматы тууралуу 8 факты

1805
(жаңыланган 14:55 27.10.2020)
Кыргызстандагы кооптуу жана ири операцияларды жүргүзгөн атайын даярдыктагы бөлүктөрдүн сап башында "Альфа" турары талашсыз. Кызмат бүгүн 28 жылдыгын белгилеп жатат.

"Альфа" атайын багыттагы бөлүгү узак тарыхы, жүздөгөн операцияларды ишке ашырышы жана катарына мыкты жоокерлерди кошуу менен элиталык болуп эсептелет.

Sputnik атайын кызмат тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

Түптөлүшү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) караган кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түзүлгөн. Аны кээде "А" (Антитеррор) тобу деп дагы атап жүрүшөт.

Совет убагында жалпы Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) болуп, Москвада жайгашкан. Ошондой эле аймактарда бөлүмдөрү иш алып барган. Ал эми СССР кулагандан кийин союзга мүчө-мамлекеттин бардыгы өз алдынча атайын багыттагы кызматтарын түзө баштаган. 

Сотрудники спецотряда Альфа при Государственном комитете национальной безопасности
© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа"
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 28 жыл мурда түзүлгөн. Аны кээде "А" (Антитеррор) тобу деп дагы атап жүрүшөт

Милдеттери

"Альфанын" негизги милдети — улуттук коопсуздукту камсыздоо, конституциялык түзүлүштү бузууга жол бербөө, коомдук-саясий абалды курчутууну көздөгөн террордук, экстремисттик жана массалык башаламандык аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу, барымтадагыларды бошотуу. Ошондой эле өтө оор кылмыштарда операцияларды жүргүзүүгө милдеттүү.

ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт

Курамы

"Альфа" террорчулукка каршы күрөшүү боюнча ардагерлердин эл аралык ассоциациясынын президенти Юрий Погибанын Sputnik агенттигине айтып бергенине караганда, атайын даярдыктагы кызматтагылардын көбүн офицерлер, азыраагын прапорщиктер түзөт. Арасында аял-кызматкерлер дагы бар. Бирок алар көбүнчө аналитикалык жана штабдык ишти аркалап, зарыл учурда гана атайын тапшырмаларга тартылышы мүмкүн. 

Сотрудники спецотряда Альфа при Государственном комитете национальной безопасности
© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа"
"Альфанын" катарына кошулам деген жоокерлерге талап күч. Бир катар сыноолордон кийин гана атайын операцияларды жүргүзүүгө катыша алышат.

Даярдыгы

Спецназдар машыгуудан өтүп келген мамлекеттердин саны оголе көп. Сырттагы кесиптештер менен тажрыйба алмашуу байма-бай болуп турат. Ал эми иш күнүндө эмне менен алектенишет деген суроо бардыгына кызык болсо керек.

Кызматкерлер өздөштүрө турчу отузга чукул атайын дисциплина бар. Ага дене бой даярдыгынан тышкары тактикалык предметтер, ок атуу, топография, политология, психология, чет тилдерди үйрөнүү жана башкасы кирет. Өздүк курамдын 70 пайызы керектүү делген бир чет тилди билет. Себеби алар чет мамлекетке сапарга көп чыгышат, кайсы бир убакта барып иштеп да келишет. Бардыгы жогорку билимдүү, жадагалса 50 пайызынын эки-үчтөн диплому бар. Калган даярдыктар жашыруун болгондуктан айтылбайт.

Техникалык жактан камсыздалышы

Юрий Погибанын айтып бергенине караганда, атайын даярдыктагы кызмат чет мамлекеттен чыгарылган жаңы үлгүдөгү курал-жарактын түрү менен камсыздалган. Операцияга керектүү делген снайпердик, антиснайпердик каражаттар, дрондор, жеңил сооттолгон танкалар (БТР), жоокерлердин коопсуздугун камсыздаган оор жана жеңил коргоо каражаттары (бронежилет), бронещиттер жана башка шаймандар бар. Кыскасы, "Альфанын" жогорку деңгээлде антитеррордук операцияларды жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгү жетет. Операциялардын түрлөрүнө жараша КРдин Куралдуу күчтөрү менен чогуу иш алып барып, техникасын колдоно алышат. 

Сотрудники спецназа во время совместных антитеррористических учений
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Альфа" өлкөдөгү террордук жана экстремисттик аракеттерге бөгөт койгон атайын кызмат. Бирок башка дагы милдеттер жүктөлгөн.

Тажрыйбасы — аткарган тапшырмалар, операциялар

"Альфа" түзүлгөндөн бери 300дөн ашык операция жүргүзгөн. Анын ичинде бир катар жашыруун террордук уюмдардын иш-аракеттерин токтотуп, ондогон террордук чабуулдарды алдын алган. Сапёрлор 27 жыл аралыгында 500дөн ашуун колго жасалган жарылуучу түзмөктөрдү зыянсыздандырган.

Милиционер, метеоролог, куткаруучу. COVID-19 соолткон өмүрлөр. Сүрөт баян

Атайын топ 1997-1998-жылдардан тарта террордук коркунучка каршы күрөшүү иш-чараларын активдүү баштаган. Ал эми 2006-жылдан бери экстремисттер менен катуу тирешип келишет.

Ири операциялардын тизмеси:

  • 1999-жыл, август-ноябрь, Баткен. Атайын операция учурунда террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган;
  • 2006-жыл, июль, Жалал-Абад. Шаардын борборунда согушкерлердин аёосуз каршылык көрсөтүүсү менен эки сааттык операция жүрүп, душман тараптан алты киши, анын ичинде топтун лидери Палван жок кылынган. Алардын бардыгы Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү эле;
  • 2006-жыл, сентябрь, Ош. Атайын операция учурунда Орто Азиядагы согушкерлердин амири жок кылынган;
  • 2007-жыл, июль, Жалал-Абад шаары. Жихад тобунун террордук уюмунун мүчөлөрүн куралсыздандыру жана жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүлгөн;
  • 2009-жыл, июль, Ош. Өзгөн районунда антитеррордук атайын операция учурунда беш согушкер жок кылынган;
  • 2010-жыл, ноябрь, Ош. Жарылууларды уюштурууга катышкан кылмышкерлер кармалган;
  • 2011-жыл, январь, Чүй. Стрельникова айылында атайын операция уюштурулуп, "Жайшүл Махди" жихад тобунун төрт согушкери жок кылынган;
  • 2011-жыл, октябрь, Ош. Курманжан датканын 200 жылдыгын белгилөө маалында террорчулар жүргүнчү ташыган маршруттук таксини басып алган. "Альфачылар" барымтадагыларды аман-эсен бошотуп, террорчуларды жок кылышкан;
  • 2015-жыл, июль, Бишкек. Борбор калаадагы Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция учурунда төрт террорчу жок кылынган;
  • 2015-жыл, декабрь, Бишкек. Калаадагы Восток-5 кичи районунда эки согушкер жок кылынган;
  • 2016-жыл, август, Бишкек. Эл аралык террордук уюмдун жашыруун мүчөсү жок кылынган.

"Альфа", мындан тышкары, Кыргызстандагы 2005инчи жана 2010-жылдагы революцияда жана Оштогу июнь окуясында конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө, стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылууга салымын кошуп, ошондой эле ал окуялардын алкагында террорчулукка жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишине каршы аракеттерди жүргүзгөн. 

Сотрудники спецназа во время совместных учений объединенной группировки Вооруженных сил Кыргызстана, Центрального военного округа Вооруженных сил РФ и российской авиационной группировки.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сапёрлор 28 жыл аралыгында 500дөн ашуун колго жасалган жарылуучу түзмөктөрдү зыянсыздандырган

Иш учурунда көз жумгандар

Расмий маалымат боюнча, "Альфа" жалпысынан иш учурунда беш жоокеринен ажыраган.

— 2006-жылы 12-майда "Альфа" алгач ирет жоготууга дуушар болгон. Ал күнү Тажикстан тараптан куралдуу топ Баткендин Кадамжай районундагы айылдарды аралап, андан ары Ак-Турпактагы бажы бекетине кирип келген. Атайын операцияда куралчан топтогулардын үчөө окко учуп, бирөө колго түшкөн. Алар менен кагылышууда кыргыз тараптан эки чек арачы, бир бажычы, бир жай тургун жана "Альфанын" эки кызматкери — полковник Абдурашид Өскөналиев менен лейтенант Кыялбек Бакиров каза тапкан. Кийинчерээк 44 жаштагы Өскөналиевге II даражадагы "Манас" ордени берилсе, 23 жаштагы Бакировго Эрдик ордени ыйгарылган.

— 2006-жылы 23-июнда Жалал-Абаддын Сузак районундагы операцияда террордук топтун беш мүчөсү жок кылынган убакта лейтенант Гапар Маманов да көз жумган. Ага кийинчерээк III даражадагы "Манас" ордени ыйгарылган.

Гапар Маманов 1982-жылы 26-июнда аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 2000-2002-жылдары Чек ара кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн, жогорку билимдүү болчу. 2006-жылдын февралынан тарта УКМКнын "Альфа" антитеррордук кызматына ишке кирген.

Учакты барымтага алган эки өспүрүм Африкага учуп кетмек... Караколдогу чуулуу окуя

— 2011-жылы 4-январда Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен рейдге чыккан үч милиционер окко учкан. Алар бир жыл мурун Кожомкул атындагы Спорт сарайынын алдындагы жарылууну уюштурууга шектелген "Жайшүл Махди" террордук топтун согушкерлерин көрүп калышкан.

Эртеси, 5-январда, "Альфа" атайын операция жүргүзүп, Арашан айылында эки кылмышкер жок кылынып, үчүнчүсү кармалган. Тилекке каршы, мында да кан төгүлүп, лейтенант Жеңишбек Бабараимов көз жумган. Артында эки баласы калган. 

Президент КР Сооронбай Жээнбеков вручил родным погибшего в ходе событий 7 августа 2019 года сотрудника ГКНБ, полковника Усенбека Ниязбекова медаль Эрдик. 6 сентября 2019 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясында көз жумган спецназ Үсөнбек Ниязбековдун туугандарына Эрдик медалын берүүдө

— Былтыр, 2019-жылдын 7-августунда, Чүйдөгү Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы кызматкери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, операция ишке ашкан эмес. Мунун кесепетинен атайын даярдыктагы кызматтын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, бир нече жоокер барымтага алынган. Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйлашкан. Ниязбеков 1972-жылы Ош облусунун Бел-Өрүк айылында туулган. Артында төрт баласы калды.

Военные учения Иссык-Куль-Антитеррор-2018
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Альфанын" жоокерлери тажрыйбасын арттыруу үчүн чет мамлекеттеги окуу-машыгууларга байма бай барып турушат

"Альфанын" катарына кантип кошулса болот?

Көбүнө дал ушул суроо кызык болсо керек. Юрий Погиба белгилегендей, адатта "Альфага" аскер тармагындагы же милицияда спецназ болуп жүргөндөр барат. Ошондой эле кээде 20 жаштан 30 жашка чейинки жай жарандарды дагы ишке алышат. Талапкерлер УКМКнын кеңсесине кайрыла алат. Ал жактагы кызматкерлер кайрылгандарды жоопсуз калтырбай, сөзсүз маектешип көрөт. Бул жөн гана сүйлөшүү эмес, 4-5 саатка созулган психологиялык тест!

Албетте, болочок спецназдын дене бой даярдыгы мыкты болушу керек. Бирок башка атайын даярдыктагы кызматтардай армияга барып келгениң же кайсы бир спорттун түрүнөн чебер болгонуңа көп деле артыкчылыктар бериле бербейт. "Альфада" талап катуу. Дене бой даярдыгынан тышкары психологиялык-моралдык жактан бекем, интеллектуалдык потенциал жогору болушу керек. Артыкчылык снайпердик секциядан келгендерге, аба-десант аскерлерине, инженер-жардыруучу сыяктуу кесип ээлерине берилиши мүмкүн.

УКМКнын "Альфа" бөлүгү Дубайдагы эл аралык мелдешке катышты

Бойдун узундугу көбүнчө "Альфанын" кайсы адистигине даярдала турганынан көз каранды. Атайын кызматтын арасында сапёр, снайпер, кинолог, парашютист, техниканын айдоочулары жана башкалар бар. Негизинен бою 175-180 сантиметрге жеткендер идеалдуу деп эсептелет.

Болочок спецназдарды тандоонун соңку инстанциясы эң оор болуп саналат. Бул учурда кандидаттарга эли-жерин коргоп, кызматтык милдетин аткарууда каза болуп калышы мүмкүндүгү айтылат. Өзүнө гана эмес жакындарына дагы ал өмүрүн тобокелге салып кызматка барып жатканы олуттуу эскертилет. Сөзсүз түрдө бул маселе боюнча ата-энелери менен сүйлөшүшөт. "Альфа" үйдөгү жалгыз баланы катарына кошпогонго аракет кылат. Кызмат ушунусу менен оор, спецназдар мекени үчүн жанын бере турганын билип туруп ишке аттанышат...

"Альфадан" тышкары Кыргызстандын Күч түзүмдөрү менен Куралдуу күчтөрүндө спецназдын канча түрү бар, алардын милдеттери, аткарган тапшырмалары, күжүрмөн даярдыгы, техникалык жактан камсыздалышы жана кандидаттарга талаптары тууралуу Sputnik даярдаган лонгридден окуңуздар.

1805
Белгилер:
коопсуздук, өлүм, кызмат, УКМК, Кыргызстан
Тема боюнча
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар
"Альфа", "Шумкар", "Скорпион”… Эң сырдуу кызматтар тууралуу баян
УКМКнын "Альфа" бөлүгү Дубайдагы эл аралык мелдешке катышты
Бейтапты карап жаткан медицина кызматкери. Архив

Соңку бир суткада коронавирус беш адамдын өмүрүн алып кетти

28
(жаңыланган 10:14 27.11.2020)
Учурда өлкөдөгү ооруканаларда COVID-19га чалдыккан 2 875 бейтап жатат. Анын ичинен 115 адамдын абалы өтө оор.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган беш адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Оорудан ажал тапкандардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда.

Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 1 256 кыргызстандык көз жумду.

Мындан сырткары, учурда өлкөдөгү ооруканаларда вирус илештирип алган 2 875 бейтап жатат.

Алардын ичинен:

  • Канааттандырарлык абалда – 53 адам;
  • Орточо оордукта – 1 961;
  • Оор абалда – 746;
  • Өтө оор абалда – 115.

Ал эми 3 698 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Амбулатордук дарыланууда 3 698 бейтап бар.

28
Белгилер:
Кыргызстан, оорукана, дарылануу, өлүм, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр
Жуктургандардын көбү Бишкекте жашайт. COVID боюнча жаңы статистика
Лаборатория кызматкери. Архив

Жуктургандардын көбү Бишкекте жашайт. COVID боюнча жаңы статистика

46
(жаңыланган 10:09 27.11.2020)
Оору илештиргендердин саны дагы деле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп болуп жатат. Булардан кийин эле Ысык-Көл облусу турат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 377 кишиден табылып, 402 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандардын саны дагы деле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп болуп жатат. Булардан кийин эле Ысык-Көл облусу турат.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 100;
  • Ош – 8;
  • Чүй облусу – 127;
  • Ош облусу – 26;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 30.

Айыккандар:

  • Бишкек – 122;
  • Ош шаары – 17;
  • Чүй облусу – 75;
  • Ош облусу – 44;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 48;
  • Баткен облусу – 49.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 71 548 болду. Анын ичинен 62 946 бейтап айыккан. Кечээ дагы беш адам каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 1 256га жетти.

Бир сутка ичинде жети медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

  • Чүй облусунда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 3.

Ал эми бир суткада үй карантининен төрт, стационардан төрт медкызматкер чыгарылды.

46
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр
Баткенде "Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта" акциясы башталат
Ош шаары. Архив

Эртең менен Ошто жер титиреди

0
Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

0
Белгилер:
ӨКМ, жер титирөө, Ош облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда катуу жер титиреди