Акча жана калькулятор. Архивдик сүрөт

COVID кесепетинен ишсиз калгандарга жөлөк пул берүү сунушталды. Шарты

187
(жаңыланган 15:24 27.10.2020)
Демилгенин максаты — чектөөлөрдү киргизүүдөн улам жумушунан айрылган кыргызстандыктарга убактылуу колдоо көрсөтүү.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустун кесепетинен жумушсуз калган жарандарга 900 сомдон жөлөк пул төлөө боюнча токтом долбоорун сунуштады. Аталган документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Демилгенин максаты — COVID-19 жайылгандыгына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминдеги чектөөлөрдөн улам ишинен айрылган кыргызстандыктарга убактылуу колдоо көрсөтүү. Учурда мындай категорияга кирген 38 500 адам катталган. Аларга жарым жыл бою ай сайын 900 сомдон чегерүү сунушталууда, буга 225 миллион сом керектелет.

"Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Социалдык коргоо тутуму жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-аракеттер планы" инвестициялык долбоорунун алкагында убактылуу жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөө сунушталууда. Ал мурда Социалдык фондго үзгүлтүксүз төгүмдөрдү төлөп келген жумушсуз жарандарга берилет. Башкача айтканда, өзгөчө кырдаал киргизилгенге чейинки 12 айдын аралыгында үч айлык камсыздандыруу төлөмүн аткарган болушу шарт", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна 300 сом кошууну пландап жатат

Белгилей кетсек, мурда жумушсуздук боюнча жөлөк пулдун суммасы 300 сомду түзгөн. Ал эми 12 айлык камсыздандыруу төгүмдөрүн аткарышы керек болчу.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2019-жылдын башында өлкөдө 156,3 миң адам жумушсуз экени аныкталган. Быйыл 1-сентябрга карата эсепте турган иши жок жарандардын саны 100 миң адамды түзөт.

187
Белгилер:
коронавирус, долбоорлор, токтом, сунуш, жөлөк пул, жумушсуздар
Тема боюнча
Айлык айдан-айга өп-чап жетеби? Акча топтоо боюнча кыргызстандыктарга кеңеш
Тамаданы таксист кылган пандемия. Ырчы-чоорчулар кантип жан багууда
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов

Талант Мамытов ЖККУ лидерлерине президенттик шайлоо таза өтөрүн убадалады

28
(жаңыланган 19:04 02.12.2020)
Мамытовдун айтымында, бүгүн Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал толугу менен турукташты жана Кыргызстан эл аралык милдеттерин, эки жана көп тараптуу келишимдерди толугу менен аткарууга даяр.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары президенттик шайлоонун таза өтүшүнө колдон келген салымын кошот. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУ саммитинде айтты.

"Кесиптештерим ансыз деле таза шайлоонун канчалык маанилүү экенин түшүнүп турушат. Бүгүн биз 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу каталарды кайталабаш үчүн туура багытты тандашыбыз керек", — деди Мамытов.

Анын айтымында, бүгүн Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал толугу менен турукташты, Кыргызстан эл аралык милдеттерин, эки жана көп тараптуу келишимдерди толугу менен аткарууга даяр.

"10-январда президенттик шайлоо өтөт. Анда Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары президенттик шайлоонун таза өтүшүнө колдон келген салымын кошот деп ишендирип койгум келет. Бул өлкөдөгү мындан аркы туруктуулукка маанилүү кадам болуп эсептелет", — деди өлкө башчынын милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ЖККУ мамлекеттеринин лидерлерине 5-6-октябрдагы окуяларды түшүнүү менен кабыл алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

28
Белгилер:
президенттик шайлоо, Талант Мамытов, ЖККУ, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күнгө созулат
Эмделип аткан бала. Архивдик сүрөт

Эмдөө үч айга токтотулган. Кыргызстанда кызылча оорусу боюнча абал кандай?

14
(жаңыланган 18:26 02.12.2020)
Быйыл карантинге байланыштуу эмдөө марттан май айына чейин токтотулган. Ошол себептен эмделгендердин саны 95 пайызга жетпей калган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда кызылча оорусунун катталган учуру ушул жылдын июнь айында эле токтогон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Буга чейин кызылча оорусу жүрүп жаткан учурда башка вирустарга эмдөө жасоого болбой турганы тар чөйрөдө айтылган. Анын себеби иммунитеттин түшүп кетиши менен түшүндүрүлгөн.

Адистин айтымында, Европада да кызылча, полиомиелит оорулары бирин-серин гана кездешүүдө.

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен ЮНИСЕФ “кызылчага жана полиомиелитке эмдөө жасабасаңар кооптуу болушу мүмкүн. 2019-жылы бул оорулардын очогу жанданган” деген гана кайрылуу жасаган. Бирок азыр Европа өлкөлөрүндө кызылча бирин-серин эле катталбаса, олуттуу коркунуч жок. Кыргызстанда ал оору июнь айында эле токтогон. Кызылчага эмдөө жасоо боюнча эл менен 2018-жылдан 2020-жылдын башына чейин жакшы иштедик. Бир жаштан алты жашка чейинки балдарга эмдөөнү 95 пайызга чейин көтөргөнбүз. Ошондуктан бизде азыр циркуляция жок”, — деди Ишенапысова.

Анын айтымында, быйыл карантинге байланыштуу эмдөө марттан май айына чейин токтотулган. Ошол себептен эмделгендердин саны 95 пайызга жетпей калган.

“Быйыл да эмдөөнү 95 пайызга чыгарышыбыз керек эле, бирок карантиндин айынан 60 пайызга чейин эле жасадык. Азыр жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрүнө кат жолдоп жатабыз. Себеби 14-16 жаштагы балдар да эмдөөдөн өтүшү керек. Учурда Россия да бул ооруларга каршы 50 миң вакцина берип жатат. Аны да убагында эмдөөдөн баш тартып, албай калган жарандарга беребиз. 2016-жылдары вакцина сайдыруудан баш тарткандар алты-жети миңге чейин катталса, азыр ал 1,5 миңге чейин түштү. Бул боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте “Ден соолугуңа олуттуу зыян келтирбесе эмдөө алууга болот” деген фатва кабыл алып, аны мечиттерде айттырганбыз”, — деди ал.

Ошондой эле коронавирус менен ооруган бала да, чоң киши да карантин бүткөнгө чейин эмдөөгө алынбай турганы кошумчаланды.

14
Белгилер:
Гүлбара Ишенапысова, кызылча, эмдөө
Тема боюнча
Кыргызстанда гриппке каршы эмдөө канча турары айтылды
Сасык тумоого каршы эмдей турчу жеке клиникалардын тизмеси
Жогорку соттун Конституциялык палатасынын отуруму

КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди

126
(жаңыланган 19:40 02.12.2020)
Доогерлер парламенттик шайлоонун жылдырылышы бийликти узурпациялоодон кабар берерин айтууда. Ал эми Жогорку Кеңештин өкүлдөрү буга пандемия менен өлкөдөгү кырдаал таасир эткенин билдирип, тараптар кызыл чеке болушту.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттин мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Бул чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. 

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

КП кимдердин жүйөсүн укту?

Конституциялык палата даттануучулар "Реформа" партиясынын төрайымы Клара Сооронкулованын жана жарандар Нурбек Касымбековдун, Таалайбек Усубалиевдин жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн жүйөсүн укту. Ошондой эле президенттик аппарат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү дагы позициясын айтты.

КПга арыз берген Сооронкулова Жогорку Кеңеш Конституциялык мыйзамды коомдук талкууга дагы койбой, бир сааттын аралыгында үч окуудан өткөрүп салганын белгиледи. Ал азыркы парламент легитимсиз отурат деген пикирде.

"Парламенттин мөөнөтүн узартууга пандемияга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал режими күчүндө экени жүйө келтирилген. Эгер андай болсо 4-октябрда парламенттик шайлоо эмнеге өттү? Кантип президенттик шайлоо, референдум өткөрөбүз деп жатышат? Тескерисинче, парламенттик шайлоону биринчи өткөрүш керек эле. Жогорку Кеңештин депутаттары өз укуктарынан аша чаап кетти", — деди Сооронкулова.

Парламенттик шайлоону жылдыруу абалды турукташтырды

Жоопкер катары келген Жогорку Кеңештин өкүлү Камила Бейшенбек кызы доогерлердин даттануусун четке кагууну өтүндү.

"Бул мыйзам өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, тартипти, коопсуздукту сактоо жана социалдык-экономикалык кырдаалды жайгаруу үчүн кабыл алынды. Пандемия маалында тынымсыз митингдердин өтүшүнөн көп адамдын ден соолугуна зыян келип, башаламандыктар токтобойт болчу. Бюджет дефицит болуп, парламенттик шайлоого каражат дагы табылбай жаткан. Ал мыйзам бийликти узурпациялоого багытталган эмес. Андыктан доогерлердин кайрылуусун канааттандырбоону өтүнөм", — деди ЖК юристи.

Ошондой эле ал 22-октябрда мыйзам демилгеленип, ошол эле күнү коомдук талкууга коюлуп, экспертизадан өтүп, комитеттерден колдоо таап, жалпы жыйында үч окууда кабыл алынганын моюндады.

Сооронкулова мыйзам жок дегенде коомдук талкууда бир күн турушу керектигин айтканда ЖКнын дагы бир өкүлү Максат Орозбек уулу парламенттин сайты хакердик чабуулга туш болгондуктан эртерээк чыгарууга мүмкүн болбогонун билдирди.

Элдин талабы...

Андан соң Сооронкулова эмне үчүн президенттик шайлоо менен референдумга табылган каражат парламенттик шайлоого табылбай жатканын таң калуу менен сурады.

"5-6-октябрда митингге чыккан элдин талабы Конституциялык реформа жүргүзүү болгон. Ошондуктан референдумдан кийин парламенттик шайлоо өткөрүү каралган. Шайлоо сөзсүз түрдө июнда эмес, андан эрте да болушу мүмкүн", — деди Бейшенбек кызы.

Деген менен Сооронкулова эл шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн митингге чыкканын айтып өттү. Ал эми жалпы элдин талабы экенин кандай жол менен аныкталганы боюнча суроого ЖКнын өкүлү жооп бере алган жок.

Даттануучулардын бири Нурбек Касымбекова: "Эгер Конституциялык реформа 2021-жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, ЖК мөөнөтүн дагы алты айга узартып алышы мүмкүнбү?" — деп сурады. Ага Бейшенбек кызы "ооба, мөөнөтүн дагы узартып алса болот" деп жооп берди.

Президенттик аппараттын өкүлү Таштанбек Чилдебаев судьялардан даттануучулардын кайрылуусун канааттандыруудан баш тартууну сурады.

Ал эми БШКнын юристи Адилет Шаршеналы уулу алгач парламенттик шайлоо 20-декабрга дайындалганын, бирок сот ал токтомду жокко чыгарганын маалымдады.

Референдум болсо шайлоо мыйзамдарын дагы өзгөртүү керек

Аягында жыйынтыктоочу сөз берилип, Клара Сооронкулова жоопкер тараптан ынанымдуу жооп ала албаганын айтты.

"Азыр күлүшүмдү же ыйлашымды билбей турам. Шайлоону жылдыруу зарылчылыгы боюнча мени ынандыра турган бир дагы жүйөлүү аргумент уккан жокмун. Эгер биз пандемия жана өзгөчө кырдаалга таянып баарын жасай берсек, укуктук башаламандыкка кептелебиз. Азыр бийликти узурпациялоо процесси жүрүп жатат. Бул иштерге каршы тура алган, жападан жалгыз күч — Конституциялык палата", — деп көз жашын тыя албай калды Сооронкулова.

Мындан улам башкалар жыйынтыктоочу сөзүн айтып бүткөндөн кийин ал кайра чыгып сүйлөдү. Даттануучунун айтымында, эгер референдум өтүп жарымын бир мандаттуу система менен тандоо кабыл алынса, шайлоо мыйзамдарын дагы өзгөртүүгө туура келет. Муну менен парламенттик шайлоо күзгө чейин созуктурулуп кетиши ыктымал.

Андан соң судьялар кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетип беш сааттан кийин келди.

Отурумга КПнын төрагасы Карыбек Дүйшеев жетекчилик кылып, жети мүчөсү (судьялар) катышты:

  • Эмил Өскөнбаев;
  • Жедигер Саалаев;
  • Мээргүл Бобукеева;
  • Латип Жумабаев;
  • Мукамбет Касымалиев;
  • Кырккелди Кыдырбаев;
  • Жамил Шаршеналиев.

Венеция комиссиясы артын салабы?

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

Комиссиянын корутундусунда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле конституциялык мыйзам токтоп, шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.

126
Белгилер:
мөөнөт, шайлоо, Парламент, чечим
Тема боюнча
Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду
Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири