Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт

ЖАМК Атамбаевди №47 колонияга котормой болду

204
(жаңыланган 18:12 27.10.2020)
Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президентти №47 колонияга бүгүн которушат деп үмүттөнүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жаза аткаруу кызматынын атайын комиссиясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жалпы режимдеги №47 абакка которуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан №1 СИЗОго которулган. Буга байланыштуу Атамбаев ачкачылык жарыялаган.

Алмазбек Атамбаев кандай шартта кармалып турганын айтып берди

"Бүгүн которушат деген үмүтүм бар. Чечим бар, бирок качан которушарын так айта албайм. Балким, бүгүн болуп калат", — деди адвокат.

ЖАМКтын маалымат кызматы Атамбаев №47 абакка качан которуларын айта элек. Алмазбек Атамбаев жарыялаган ачкачылыгын токтоткон-токтотпогону да белгисиз.

204
Белгилер:
абак, ЖАМК, Кыргызстан
Тема боюнча
Алмазбек Атамбаев кандай шартта кармалып турганын айтып берди
Атамбаев ачкачылык жарыялады. Себеби

Бишкектеги батирлер канча турат? Ноябрь айындагы баалар

5
Окурманга ыңгайлуу болушу үчүн биз бир, эки жана үч бөлмөлүү турак жайлардын ар кандай түрүнүн орточо наркын көрсөттүк.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ай сайын Бишкек шаарындагы 104, 105, 106-сериялардагы, "хрущевка" жана жеке типтеги батирлердин сатылган бааларына байкоо жүргүзүп келет.

Бул материалды даярдоодо 3 891 жарыя иликтөөгө алынган. Ачык маалыматтардагы бааларга ылайык, бир бөлмөлүү батирдин орточо наркы ноябрь айында төмөнкүнү көрсөттү:

  • 104-серия — 30 200 доллар (23 000ден 35 500 долларга чейин);
  • 105-серия— 29 300 (21 500дөн 40 000ге чейин);
  • 106-серия —32 500 (23 500дөн 44 000ге чейин);
  • "хрущевкалар" — 26 600 (21 500дөн 36 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 29 200 (14 000ден 56 500гө чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо наркы:

  • 104-серия — 36 500 доллар (29 000ден 46 000 долларга чейин);
  • 105-серия— 42 000 (30 000ден 54 500гө чейин);
  • 106-серия — 44 000 (27 500дөн 65 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 33 600 (26 500дөн 48 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 41 300 (18 500дөн 90 000ге чейин).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо наркы:

  • 104-серия — 44 300 доллар (35 000ден 61 500 долларга чейин);
  • 105-серия— 53 100 (32 500дөн 86 500гө чейин);
  • 106-серия — 56 500 (39 500дөн 76 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 41 200 (27 500дөн 51 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 56 300 (27 500дөн 157 000ге чейин).
5
Белгилер:
нарк, сатуу-сатып алуу, сатуу, батир, турак-жай, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика
Трансформатор. Архив

Кең-Сайдагы дагы бир коррупция. Эки трансформатор сегиз эсе кымбат алынган

9
(жаңыланган 17:33 04.12.2020)
Эки трансформатордун баасы дээрлик сегиз эсе жасалма кымбат көрсөтүлүп, анын кесепетинен мамлекет тарткан чыгымдын баасы 73,4 миллион сом болгон.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Ош облусундагы Кең-Сай конушуна 10 миллион сомдук эки трансформатордун баасын жогорулатып, 82,6 миллион сомго алынган коррупциялык фактыны Финансы полициясы таап чыгып, иликтеп жатат. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

Эсептей келгенде алар өзүнүн баасынан сегиз эсеге кымбаттатылган.

Финансы полициясынын Ош шаардык башкармалыгы иштин көлөмүн көбөйтүп жана мамлекеттик бюджеттин акчасын өз чөнтөгүнө салып алуу фактысын сотко чейинки өндүрүш менен иликтеп жатканы маалымдалды.

Ош облусунун Капиталдык курулуш боюнча башкармалыгы менен "Э" деп аталган ачык типтеги акционердик коому (Финполиция ишкананын атын так айткан жок) Кең-Сай конушун электр менен камсыздай турган, баасы 200 миллион сомдук курулуш иштерин аткарууга келишим түзгөн.

Башкы подрядчы болгон ачык типтеги акционердик коом келишимдин негизинде субподрядчы катары "С.Т." аталышындагы ЖЧК менен макулдашат. Анда айтылган ЖЧК электр жабдууларды алып келүү жана жалпы курулуш иштерин жасоо милдетин алган. Андан айтылган ЖЧК 82,6 миллион сомго эки даана трансформатор алып келген. Маалыматта анын өзүнүн баасы 10 миллион сом тургандыгы айтылды.

"Ошентип, эки трансформатордун баасы дээрлик сегиз эсе кымбат көрсөтүлүп, анын кесепетинен мамлекет тарткан чыгымдын баасы 73,4 миллион сом болгон. Эске сала кетсек, ушуга окшогон дагы бир факты боюнча аталган ЖЧКнын жетекчиси П.Т. кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, дал ушул Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолго бөлүнгөн 42,9 миллион сомго ишти аягына чейин бүтүрбөй койгон факты туурасында Финансы полициясы мындан эки күн мурда эле билдирген. Бүгүнкү күндө объект пайдаланууга берилбей, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланган.

9
Белгилер:
трансформатор, коррупция, финансы полициясы, Ош шаары
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Оштун жака белиндеги Кең-Сай конушу өзгөчө шаарчага айланат. Эскиз