БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. ЕАЭБ аймагында 2021-жылы мигранттар жумуш таап алууга ылайыкталган тиркемени ишке киргизишет. Бул туурасында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин айтканын РИА Новости жазды.
"ЕАЭБге мүчө-өлкөдө жашаган ар бир адамдын жумушту тез таап алышына ылайыкталган биздин ресурстардын мобилдик тиркемеси дээрлик даяр болуп калды. Аны 2021-жылы алып чыгып, көрсөтүп бергенге үмүт кылып жатам. Муну менен көптөрдү, анын ичинен орус тилинде сүйлөгөн, биринчи иретте биздин биримдиктеги өлкөлөрдүн жарандарын Россияга ишке тартабыз деп ойлоп турам. Эгерде кимдир бирөөлөр союздун мүчөсү болгон мамлекетте иштеп келүүсүн кааласа, аларга да жол ачык болот", — деген Мишустин.
Алыбаев: ЕАЭБ алкагында бирдиктүү электрондук эмгек биржасы ишке кирет
Евразиялык экономикалык комиссия быйыл "Работа без границ" деп аталган жумуш издеген порталды ишке киргизген. Ал биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн аймагынан жумуш караштырууга мүмкүнчүлүк берген.
Мишустин ЕАЭБди түзүүдө төрт алым-катташты эркин орнотуу боюнча макулдашуу болгондугун белгиледи. Биримдикти түзүүдө товарлардын эркин өткөрүлүшү, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин болушуна шарт түзүү маселеси күн деминде турат.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.
"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.
Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.
Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.
Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.