COVID-19 дагы эки кишинин өмүрүн алып кетти

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус дагы эки кишини мертинтип, ушуну менен Кыргызстанда вирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны жалпысынан 1 138ге жетти.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан эки адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каза тапкандардын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Жалал-Абад облусунун жашоочулары болгон.

Күндөн-күнгө азаюуда. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундардын саны

Ушуну менен COVID-19 Кыргызстанда 1 138 адамдын өмүрүн алды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда оору жуктургандардын саны 57 276га жетсе, анын 48 637си дартты жеңип, айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0