Эт жей албай... Коронавирустан айыккандар дарттын өзгөчө белгилерин аташты

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүБейтаптын давлениесин өлчөп жаткан дарыгер. Архив
Бейтаптын давлениесин өлчөп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сергей Ланг коронавирус менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары ооруганын айткан. Илдетти жеңген менен анын кесепети кийин дагы байкалган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Sputnik радиосуна маек курган россиялык психолог Сергей Ланг коронавирус менен ооруп айыкканын айтып, дартты коштогон башкача белгилерди атады.

Адатта коронавирус менен ооруганда дененин табы көтөрүлүп, даам, жыт сезбей, жөтөлүп, адам алсырап калары айтылып келет. Психолог белгилегендей, ооруган адам дүрбөлөңгө түшүп, уйкусу да качып калат.

"Кан басымымда көйгөй жаралып, башым тынбай ооруп туруп алды. Андан тышкары, дене табым бир көтөрүлүп, бир түшүп жатты. Эртең менен 37 градус болсо, үч сааттан кийин 36 градус, дагы үч сааттан кийин кайра 37 градустан жогору болуп кетти. Уйку качып, түнү менен уктай албайсың. Дүрбөлөңгө түшүп, буту-колуңду бүт оорутат экен. Менде оору жеңил формада өтсө, аялымдыкы оор өттү", — деди психолог.

Ланг коронавирус менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары ооруганын айткан. Дартты жеңген менен анын кесепети кийин дагы байкалган.

"Ден соолук мурдагыдай болбой калды. Дайыма башым ооруйт. Аялымдын табити, даам сезүүсү өзгөрүп кетти. Мисалы, азыр ал эт жей албайт. Ага эттин баары жыттанып кеткендей сезилип жатат", — деди Ланг.

Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрылуу керек? Телефондор

Медиктердин айтымында, коронавирус жуктуруп алган учурда көбүнчө адам чыйрыгып, кургак жөтөл башталып, бат чарчайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0