Атасынын душмандары сабап кеткен. Эльвира Сурабалдиева тууралуу 8 факты

© Фото / пресс-служба ЖККыргызстандын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева. Архив
Кыргызстандын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясатка келгенине салыштырмалуу аз эле убакыт болгонуна карабай Эльвира Сурабалдиева эл арасында белгилүү, өз орду бар.

Бүгүндөн тарта мурдагы депутат Эльвира Сурабалдиева Кыргызстандын вице-премьер-министри кызматына киришти.

Sputnik Кыргызстан эл арасында тайманбай бетке айткычтыгы менен оозго алынган жаңы вице-премьер тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады. Маалыматтар ачык булактардан жана Сурабалдиеванын буга чейин ЖМКларга берген маектеринен алынды.

Чүйдүн кызы

Эльвира Сурабалдиева 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе шаарында туулган. Төрт бир туугандын эң улуусу, эки сиңдиси, бир иниси бар. Атасы Жыргалбек Сурабалдиев Сокулук районунан чыккан белгилүү ишкер болгон. Кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Апасы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун кызы.

© Фото / из личного архива Эльвиры СурабалдиевойЭльвира Сурабалдиева 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе шаарында туулган. Атасы Жыргалбек Сурабалдиев Сокулук районунан чыккан белгилүү ишкер болгон
Атасынын душмандары сабап кеткен. Эльвира Сурабалдиева тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Эльвира Сурабалдиева 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе шаарында туулган. Атасы Жыргалбек Сурабалдиев Сокулук районунан чыккан белгилүү ишкер болгон

Билими жана эмгек жолунун башталышы

2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча аяктаган. Кийин билимин Улуу Британиянын Бристоль университетинде ушул эле адистик боюнча уланткан. 2003-жылы Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору, 2004-2006-жылдары Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүндө катардагы адистен бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн.

"Биринчи айым болуу баарына буюрбайт". Садыр Жапаровдун жубайы тууралуу 7 факты

Атасынын душмандарынан таяк жеген

2005-жылдын 24-мартындагы башаламандык учурунда Сурабалдиевдердин үйүнө белгисиз адамдар кирип келип, үй кожоюнун издешкен. Бирок кызынын жалгыз экенин көрүп, катуу сабап, үйдө сакталып турган акча жана зер буюмдарды алып кетишкен. Баса, алар ур-тепкиден дээрлик эсин жоготуп койгон кызды эшиктин алдына алып чыгышкан. Бирок көчөдө ызы-чуу салып келе жаткан митингчилердин үнүн укканда кетип калышкан.

Атасынын өлүмү

Ошондон көп өтпөй, тагыраагы, 10-июнь күнү атасы Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болгон. Саясатчыны Бишкектин борборундагы кеңселердин биринин алдынан белгисиз адамдар атып кеткен. Жогорку сот анын өлүмүнө күнөөлүү деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайсы бир учурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевди тапкан, бирок ал кийин акталып кеткен. Эльвира Сурабалдиева өзү атасынын өлүмүнө Бакиевдерди күнөөлөп келет.

© Фото / предоставлено Эльвирой Сурабалдиевой10-июнь күнү атасы Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болгон. Саясатчыны Бишкектин борборундагы кеңселердин биринин алдынан белгисиз адамдар атып кеткен
Атасынын душмандары сабап кеткен. Эльвира Сурабалдиева тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
10-июнь күнү атасы Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болгон. Саясатчыны Бишкектин борборундагы кеңселердин биринин алдынан белгисиз адамдар атып кеткен

Исхак Раззаковдун атактуу жана азаптуу өмүрү. Залкар ишмер тууралуу 20 факты

Атадан калган бизнеси үчүн күрөш

Сурабалдиеванын буга чейинки маектеринде атасынан калган ири бизнеси, тагыраагы, "Кудайберген" автотетиктер базарын бир эмес, бир нече киши тартып алууга аракет кылганын айтып берген. Алардын эң күчтүүсү ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев болгон. Ал базарды 1 миллион сомго сатууну талап кылган. Бирок ой-тилеги ишке ашпай калган. Ишкерликке кол салгысы келгендер "унаа бизнесине сендей жаш кыздын тиши өтпөйт" деп жүйө келтиришкен. Анткен менен Сурабалдиева бизнесин колдон чыгарбай, базарды тогуз жыл, Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге чейин башкарган.

Адилеттүүлүк издеп эки президентке кирген

Биринчи жолу атасынын өлүмүнөн кийин дароо базарында текшерүү иштери башталып, анда иштегендерге кысым көрсөтүлгөндө, Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болгон.

"Ойлоп көрсөм ошол кездеги кайгы-муңум бардык коркунучту айдап кетиптир. Бакиевге атамдын кыркы боло электе басып алып текшерүүлөр болуп жатканын айткам. Ал менин көзүмчө тиешелүү органдарга чалып, мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп жаткан адамды тапкан. Ошол замат базарда бир дагы текшерүүчү калбай чыгып кетиптир", — деген Сурабалдиева маектеринин биринде.

Экинчи ирет "туугандарынын бизнесин жалган-жалаа менен текшерүүлөр токтобой койгондо" мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго барган.

"Ага кайрылганымдын себеби текшерүүчүлөр президенттин атын атап келишкен. Аны Жээнбековдун өзүнө айтсам шок болуп калган", — деген вице-премьер дагы бир маегинде.

Парламенттик башкарууну колдойт

Сурабалдиева мамлекет толугу менен парламенттик башкарууга өтүүсүн колдойт. Ошол себептүү маектеринин биринде "Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга акыркы президент болсо" деген тилеги бар экенин айткан.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСурабалдиева мамлекет толугу менен парламенттик башкарууга өтүүсүн колдойт
Атасынын душмандары сабап кеткен. Эльвира Сурабалдиева тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева мамлекет толугу менен парламенттик башкарууга өтүүсүн колдойт

Оштун жаңы жетекчиси Жарасул Абдураимов тууралуу 6 факты

Жолдошу менен ажырашкан

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен саясатка келгенге чейин ажырашкан. Ошондон кийин үй-бүлө куруу маселеси экинчи планга жылып кеткенин жашырбайт. Бирок "жаздагы карантин учурунда адамга аны түшүнүп, сырдаша турган жан шерик керек экенин" түшүнгөнүн айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0