Укук коргоочулар: түрмөдө COVID жуктургандар көп. Ага ЖАМКтын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери иш учурунда. Архив
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоочулардын айтымына караганда, ЖАМКтын жабык мекемелеринде коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эркинен ажырагандар отурган абактарда коронавирус инфекциясы көбөйүп кеткени боюнча билдирүү туура эмес деген маалымат таратты.

Буга чейин бир топ укук коргоочулар — Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор "Бир дүйнө — Кыргызстан" укук коргоо уюмунун тартылган эксперттери менен чыгарган маалымат таратылган. Алар абактарда, психиатриялык ооруканаларда, балдар үйүндө коронавирус боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашкан.

Алар Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) жабык мекемелеринде COVID-19ду жуктуруп алган көп учурлар бар, ал эми айып салып кармап турган өзүнчө жайларда отургандар үчүн шарттар түзүлгөн эмес дешкен.

Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

"COVID-19 башталгандан тарта ЖАМКта коронавирустун тарап кетишине жол бербөө, аны алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Андан сырткары, профилактикалык жана эпидемияга каршы тиешелүү аракеттер көрүлүп турат", — дешкен аталган ведомстводон.

ДССУнун, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын жана кылмыш-аткаруу системасынын өзгөчөлүгүн эске алып, эл аралык Кызыл жарым ай коомунун көмөгү менен ЖАМКтын медициналык кызматы атайын алгоритмдерди иштеп чыккан.

Алар COVID-19ду профилактикалоо жана аталган инфекцияга чалдыгышы мүмкүн деген адамдарды табуу боюнча түзүлгөн.

"Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, пневмония илдетинен ЖАМКтан төрт киши, ал эми COVID-19дан эки киши каза тапты. Былтыркы жылы ушундай мезгил ичинде пневмониядан үч киши көз жумган", — деп айтышты ЖАМКтан.

Мамлекеттик кызматтан Жазык-аткаруу кодексине ылайык, айып изоляторунда кармалып тургандарга төшөнчү, шейшептер уктаган учурда гана берилет деп кошумчалашкан.

Ведомстводон тартип коргоочулар ЖАМК мекемелериндеги абалды туруксуздаштыруу максатында жасалма нерселерди түзүп жатат деп айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0