Алайда памирлик кыргыздар жаңы курулган үйлөргө көчүп киришти

Алайда памирлик кыргыздар жаңы курулган үйлөргө көчүп киришти. Сүрөттөр

468
(жаңыланган 14:39 29.10.2020)
Айыл өкмөт башчысы узундугу 11, туурасы 9,60 метр болгон төрт бөлмөлүү үйлөр жылытуу системасы менен кошо орнотулганын билдирди.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда Памирден келген кыргыздар үчүн курулган турак жайлар пайдаланууга берилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

Учурда Талды-Суу айылындагы 1,5 гектар жерге 11 үй курулуп бүткөрүлдү.

Эске салсак, 2017-жылы октябрь айында Нарынга Улуу жана Кичи Памир аймактарынан боордоштор билим алуу максатында алып келинген. Былтыр дагы 11 үй-бүлө көчүп келип Сары-Могол айылындагы Алимсеитов мектебинин эски имаратына жайгаштырылган. Быйыл республикалык бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп памирликтер үчүн үйлөр курула баштаган.

  • Встреча памирских кыргызов, которые были переселены из Нарына в Алайский район Ошской области
    Ош облусунун Алай районунда Памирден келген кыргыздар үчүн курулган турак жайлар пайдаланууга берилди
    © Sputnik / Зульфия Тургунова

1 / 11
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ош облусунун Алай районунда Памирден келген кыргыздар үчүн курулган турак жайлар пайдаланууга берилди

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов узундугу 11 метр, туурасы 9,60 метр болгон төрт бөлмөлүү үйлөр жылытуу системалары менен кошо орнотулганын билдирди.

"11 үйдүн сегизи Нарындан көчүрүлүп келген кандаштарга, үчөө Сары-Могол айылында жашап жаткан үй-бүлөлөргө берилди. Жети үй толугу менен бүткөрүлсө, калганын актоо, сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат", — деди айыл өкмөт башчысы.

Ат-Башыда демөөрчүлөр Памирден келген бүлөгө там салып беришти. Сүрөт

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов да памирлик кыргыздардан кабар алганы барган.

"Памирлик туугандарыбыз мал чарбачылыгына жакын болгондуктан биз ушул тармак боюнча иш менен камсыз кылуу маселесин карап жатабыз. Ал эми балдар Талды-Суу айылындагы мектептен билим алышат. Бул кыштакка социалдык объектилерди куруу маселеси да каралууда", — деди Абдураимов.

39 жаштагы Дөөлөтбүбү Токтакун кызы Нарынга көчүп келгенден кийин кыздуу болуп, атын мурунку вице-премьер Чолпон Султанбекованын атынан Чолпон койгонун билдирди.

"Нарындык туугандар бизди аябай жакшы узатса, бул жактан да алайлык туугандарыбыз жылуу тосуп алышты. Баарына ыраазычылык айтабыз. Алайдын шамалы бизге Памирдин суук, шамалдуу аба ырайын эске салды. Нарынга аябай көнүп калдык эле. Биз Памирде топоз багып күн кечирчүбүз. Аялдар сайма сайып, өрмөк өрөбүз", — деди Токтакун кызы.

Нарында жашап жаткан Абдулбахит Жээнбек уулу да үй-бүлөсү менен Алайга көчүп келген.

"Үй-бүлөмдө тогуз киши, төрт уул, бир кызым бар. Чоң уулумду Нарында жашап жүргөндө үйлөнттүм. Нарын шаарында үч жыл жашап, абасына да, элине да көнүп калдык эле. Эми ата-бабабыз мекендеген Алай жергесине алгачкы жолу келдик, көнүп кетүүгө аракет кылабыз. Туугандарыбыздын көпчүлүгү Памир жергесинде кала берди. Эгерде Талды-Суу айылына көнүп бутубузга туруп жашап кетсек, Памирде калган туугандарыбыз да келгенге аракет кылышат", — деди Жээнбек уулу.

Мындан сырткары, ал балдары Нарында окуп, тамга таанып кат-сабаты жоюла баштагандыгын кубануу менен айтып өттү.

468
Белгилер:
Алай району, памирлик кыргыздар, турак-жай
Экс-депутат Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан кимдер өттү? 6 талапкердин аты-жөнү

662
(жаңыланган 00:06 29.11.2021)
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы АСУнун болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болду.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган АСУ эсебинин натыйжасы боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышына кимдер депутат болуп барары белгилүү болду.

Ага ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан алты талапкер эл өкүлү болуп келген.

  1. Адахан Мадумаров;
  2. Исхак Масалиев;
  3. Эмиль Токтошев;
  4. Алишер Эрбаев;
  5. Орозайым Нарматова;
  6. Гуля Кожокулова.

Аталган партия алдын ала эсеп боюнча республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болду.

АСУ болжолдуу жыйынтыктарды жарыялагандан кийин БШК добуштарды кол менен санайт. 18-декабрга чейин БШК парламенттик шайлоонун партиялык тизме боюнча да, бир мандаттуу округ боюнча да акыркы жыйынтыгын айтышы керек.

662
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, шайлоо, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, депутаттар
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
"Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? 12 талапкердин аты-жөнү
"Ыйман нуру" партиясынан депутат болчулар. Беш талапкердин аты-жөнү
"Ынтымак" партиясынан кимдер өттү? 7 талапкер
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архивдик сүрөт

Шайлдабекова БШКнын сайты эмнеге иштебей калганына жооп берди

317
(жаңыланган 00:03 29.11.2021)
БШКнын башчысы эгер шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар болсо, бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

Шайлдабекованын айтымында, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн эки программа иштелип чыккан. Биринчиси — АСУну автоматтык түрдө эсептөө, экинчиси — АСУдан келген маалыматты жөнөкөйлөштүрүп көрсөткөн версиясы.

"Автоматтык түрдө түшүп жаткан маалыматтарды берүүнү жакшыртуу үчүн сырткы таблица иштелип чыккан. Автоматтык түрдө эсептөө версиясындагы маалымат менен кийинкисинин ортосунда айырмачылык чыгып, техникалык мүчүлүштүк кетти. Биз муну байкап калыбына келтирдик", — деди БШКнын төрайымы.

Шайлдабекова негизги система үзгүлтүккө учурабаганын белгиледи. Ошондой эле ал эгер шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар болсо бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды.

317
Белгилер:
Нуржан Шайлдабекова, БШК, сайт, жооп
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
Эмнеге шайлоого келгендер аз болууда? БШК себептерин айтты
Бишкектеги Свердлов шайлоо округунда дагы "баарына каршылар" көп
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

0
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

0
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме