Бишкекте жарык жапырт өчүп, бир нече мүнөттөн соң күйдү. Себеби такталууда

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын айрым көчөлөрүндө, бир топ райондорунда жол чырактардын да иштебей калганы маалым болду.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Борбор калаанын бир нече районунда, анын ичинде шаардын чок ортосунда электр жарыгы өчтү. Бирок бир канча мүнөттөн кийин бир бөлүгү күйүп, калган райондордо электр кубаты жок экени айтылууда. 

Электр кубаты болжол менен 13:10 чамасында өчүп, шаардын бир топ бөлүгү 8-10 мүнөттөй электр жарыгысыз калды. 

"Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы мунун себеби такталып жатканын айтты.

Калаанын айрым көчөлөрүндө жол чырактар да иштебей калганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0