БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку вольттогу подстанциянын чыңалуусу жок болуп кеткендиктен, калаа жарыксыз калган. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, учурда Бишкектин бир бөлүгү башка линияга кошулду. Калаанын чыгыш бөлүгүнө да жакынкы аралыкта электр жарыгы берилет.
Учурда электр жарыгын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Мамыралиев: электр энергиясын колдонуу жыл сайын өсүп жатат
Электр жарыгынын өчүп калышы Бишкек ЖЭБдин ишине да таасирин тийгизгенин "Электр станциялары" ААКнын маалымат кызматы билдирди.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.
"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.
Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.
Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.
Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.