Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады

© Sputnik / Эркин СадыковСитуация на ТЭЦ Бишкека после отключения электроэнергии
Ситуация на ТЭЦ Бишкека после отключения электроэнергии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде эч кандай авария болгон жок. Бул тууралуу ишкананын директору Андрей Воропаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, биринчи подстанциянын коргонуучу системасы иштеп кеткен.

Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады

"Кабатыр болууга эч кандай негиз жок. Авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ТЭЦтен буу чыкты. Ал түтүн эмес. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Буу казан жарылып кетпеши үчүн бууну чыгарып салды", — деди Воропаев.

Ал ошондой эле учурда калыбына келтирүү иштери 75 пайызга аяктап калганын, бир сааттын ичинде баары жайында болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0