Бишкекте коронавирусту дарылаган эки ооруканада бош орун жок

© AFP / MIGUEL MEDINAОоруканадагы бейтаптын бөлмөсү. Архив
Ооруканадагы бейтаптын бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы салынган корпусу бейтаптарды кабыл ала баштаган. Аны эске алганда аталган ооруканада 90 орун бош.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды жаткыруу үчүн 181 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат 29-октябрь күнү саат 16:00гө карата берилди.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 9;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 4;
  • Улуттук хирургия борбору — 5;
  • Улуттук госпиталь — 0;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 22;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 13;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 90;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 13;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 8;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17.
Жаңылыктар түрмөгү
0