Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. Архив

Министр Бейшеналиев: мугалимдердин кагаз иштери азайтылат

301
Белгилей кетсек, мектептерде мугалимдер убактысынын көпчүлүгүн кагаз иштерине короторун айтып, нааразы болгондор аз эмес.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мектеп мугалимдеринин кагаз иштерин азайтуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинде атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алмазбек Бейшеналиев Facebook аркылуу түз эфир учурунда колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Бул маселе боюнча кайрылгандар абдан көп. Ансыз да түйшүгү арбын мугалимдерибиздин жүгүн жеңилдетиш үчүн комиссия түзүлүп, кагаз иштерин кыскартуу боюнча иштеп жатышат", — деди министр.

Жумабаева: мектепте методисттер иштеши керек

Белгилей кетсек, мектептерде мугалимдер убактысынын көпчүлүгүн кагаз иштерине короторун айтып, нааразы болгондор аз эмес. Бул көйгөйдү өлкө жетекчилигине чейин айтып, мугалимдердин "Кут Билим" гезити аркылуу даттануулар байма-бай жарыяланып турат.

301
Тема боюнча
Онлайн окутуу билим алууга доо кетирип жатат. Мугалимдин маеги
COVID-19дан эмдөө. Архив

Акылбек Жапаров: өлкөдө элдин 0,7%ы гана вакцина алды, бул биздин трагедия

17
(жаңыланган 13:18 23.06.2021)
Буга чейин кыргызстандыктар Кытайдын Sinopharm компаниясы өндүргөн вакцина менен Россиянын "Спутник V" препаратын колдонуп жаткан. Бирок ушул тапта кытай вакцинасынын биринчи компоненти жок калып, каалоочулар ала албай жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 0,7 пайызы гана коронавируска каршы вакцина алды. Бул биздин экономиканын трагедиясы жана кыйроосу. Мындай пикирин ишкерлер менен жолугушуу учурунда экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июнда, президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Жыйынга өлкө башчы менен чогуу экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жана инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов да катышкан.

"Вакцинаны болгону элдин 0,7 пайызы алды. Бул биздин экономиканын трагедиясы жана кыйроосу. Учурда кайсы бир өндүрүүчү Кыргызстанга вакцина жеткирип, куюштуруп бере турган болсо, биз ага бардык шарттарды түзүүгө даярбыз. Жабдуу, акча, кепилдик жагынан эч көйгөй болбойт. Бизди болгону жетиштүү көлөмдө вакцина менен камсыздап турса болду", — деди министр Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцина алгандардын саны 100 миңден аша элек.

Ал эми дүйнөдө, Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 2,6 миллиарддан (бардыгы 7,8 миллиардын тегереги) ашык киши эмдөөдөн өттү.

17
Белгилер:
трагедия, экономика, коронавирус, вакцина, Акылбек Жапаров, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Министр: Кыргызстанда коронавирустун бардык штаммы болушу мүмкүн
Филиппин президенти: эмдөөдөн качкандарга чочконун вакцинасын саям
Сот балкасы. Архив

Сот Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды. Видео

60
(жаңыланган 13:08 23.06.2021)
Депутаттар Кумтөр иши боюнча коррупцияга шектелип Биринчи май райондук сотунун чечими менен 1-июнда камакка алынган болчу.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык соту ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты.

Эскерте кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров Кумтөр иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде шектелип, 31-июлга чейин камакка алынган болчу. Депутаттардын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, шаардык сотко кайрылган.

Бүгүн сот имаратынын алдына эл өкүлдөрүнүн 100гө чукул тарапташы чыгып, аларды бошотууну талап кылышкан.

Аталган жерде жүргөн Sputnik кабарчысы Жээнбеков менен Зулпукаровду тергөө абагына алып кетишкенин, ал эми чогулгандар тарап кеткенин билдирди.

60
Белгилер:
митинг, Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков
Тема боюнча
Бишкекте Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары митинг өткөрүүдө. Видео
Кыргызстан президентинин жеке оператору Улан Сатиев. Архив

Президенттин оператору КТРК жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарууда

0
(жаңыланган 13:35 23.06.2021)
Сатиев алты президенттин бешөө менен иштешкен. Өткөн жумадан тарта телеканалдын директорунун орун басары катары эмгектенип жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстан президентинин жеке оператору Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткарып жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев билдирди.

Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Анын айтымында, өткөн жумада телеканалдын башкы директору Бактияр Алиев Сатиевди ушул кызматка дайындоону өтүнгөн. Эми келерки жумада Байкоочу кеңештин жыйыны болот. Анда Сатиев бул кызматка толук кандуу бекитилиши мүмкүн.

Талапкер буга чейин президенттер Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун оператору болуп эмгектенген.

0
Белгилер:
дайындоо, орун басар, директор, КТРК, оператор
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды
Бишкектеги Свердлов районунун мурдагы акими Нарын шаарына мэр болду