Энергетиктер Бишкек ТЭЦтеги азыркы кырдаал тууралуу айтып беришти

© Sputnik / Акылбек БатырбековСитуация на ТЭЦ Бишкека после отключения электроэнергии
Ситуация на ТЭЦ Бишкека после отключения электроэнергии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте кечээ жапырт жарык өчүп, анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралган. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. "Улуттук электр станциялары" ишканасы Бишкек ТЭЦтеги азыркы кырдаал тууралуу айтып берди.

Жылуулук борборундагы иш режими саат 15:15те калыбына келтирилгени белгиленди. Өткөн суткада ишкана 2 миллион 878 миң киловатт-саат электр энергия иштеп чыккан.

"Шаарга жылуулук кетип жатат. "Бишкек жылуулук" тарабынан белгиленген графикке ылайык +60 градус болууда", — деп билдирди ишкананын маалымат кызматы.

Ошондой эле жабдыктар дагы мурдагыдай иштеп жатканы кошумчаланды.

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

Эске салсак, Бишкекте кечээ, 29-ноябрда, саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштаганы байкалган. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралган. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

"Түндүк электр" ишканасы ТЭЦте энергетикалык жабдыктын авариялык коргонуучу системасы иштеп кеткендиктен буу чыгып, 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткенин түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0