Бишкекте митингге чыккан энергетиктер эмнеге нааразы? Видео

Жазылуу
Митингчилер "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңеши чыгарган чечимге макул эмес. Акцияга 40тай киши чогулган.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкекте Чыгыш, Батыш жана Аламүдүн райондук электр станцияларынын кызматкерлери митингге чыгышты.

Алар "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жанында турушат. Мекемеден кабарлашкандай, чогулган 40тай кызматкер "Түндүк электр" акционердик коомунун директорлор кеңеши Улан Астаркуловду компаниянын директору кызматына бекиткенине нааразычылык билдиришүүдө.

Митингчилер жаңы дайындалган жетекчи кылмыш ишинин фигуранты катары өтүп жатканын белгилешет.

Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады

"Улуттук энергохолдинг" мекемесинин маалымат кызматы "Түндүк электр" ишканасынын жетекчилиги бул боюнча кийинчерээк комментарий берерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0