Акаевдердин адвокаты ЖМКда тараган Айдардын өлүмүнүн себебин төгүндөдү

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын биринчи президентинин уулу Айдар Акаев. Архив
Кыргызстандын биринчи президентинин уулу Айдар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Россиянын "Пятый канал" телеканалы укук коргоо органдарындагы булактарга таянып Акаевдин өлүмүнө алкоголь менен кокаиндин аралашмасынан кийинки уулануу себеп болгонун айткан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Акаевдердин үй-бүлөсүнүн адвокаты Икрамидин Айткулов Айдар Акаев алкоголго жана баңгизатка ууланып көз жумган деген маалыматты төгүндөдү.

Эскерте кетсек, 44 жаштагы Айдар Акаев 5-февраль күнү каза болгон. Анда маркумдун жүрөгү токтоп калганы айтылган болчу. Акаевдин сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилген.

Жакында эле Россиянын "Пятый канал" телеканалы укук коргоо органдарындагы булактарга таянып, Акаевдин өлүмүнө алкоголь менен кокаиндин аралашмасынан кийинки уулануу себеп болгонун айткан.

Майрам Акаеванын Кыргызстанга келген-келбегени такталды

Айткулов Акаевдердин үй-бүлөсүнүн атынан билдирүү жасады. Анда экспертиза жана күбөлүккө ылайык, Акаев жүрөктүн бир катар оорусунан көз жумган. Адвокат анын өлүмү табигый деп саналарын, башка кандайдыр бир факторлор таасир этпегенин билдирген. Ошондой эле ЖМКлардагы маалыматтарды жалган жана таралышы мыйзамсыз деп атаган.

Айдар бир тууган эжеси Бермет Акаева менен 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланышкан. Бирок "жоогазын" революциясынан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, тунгуч президенттин үй-бүлөсү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Учурда Москва шаарында жашап келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0