COVID: өлкөдө 1000ден ашык адам оор абалда жатат

© AFP / XAVIER GALIANAСитуация в Индии по случаю коронавируса
Ситуация в Индии по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирус илдетинен үч адам каза таап, 484 бейтап инфекцияга чалдыккан.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстанда ооруканаларда коронавирусту жуктурган 3 413 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 110 кишинин абалы  оор бойдон калууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Дарыланып жаткан ноокастарды карай келгенде, абал төмөнкүдөй:

  • 83 адам — канааттандырарлык абалда;
  • 2 328 бейтап — орточо оор;
  • 892 бейтап — оор абалда;
  • 110 бейтап — өтө оор абалда.

Ал эми COVID жуктуруп алып үйдөн дарыланып жаткандар 3 767 адам экени айтылды.

ДССУ Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөтөт

Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан үч адам каза таап, 484 киши инфекцияга чалдыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0