Белгилүү актёр Шон Коннери көз жумду

© AFP / CLIVE BRUNSKILLБританиялык актер Шон Коннери. Архив
Британиялык актер Шон Коннери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөгө белгилүү актёр 1988-жылы “Оскар” сыйлыгына татыган. Анын жалпы жонунан үч “Алтын глобусу” бар.

БИШКЕК, 31-окт. – Sputnik. Британиялык актёр Шон Коннери 90 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу BBC жазды.

Актёр Джеймс Бонд жөнүндөгү тасмалардан сырткары, 70тен ашык кинодо роль жараткан. 1988-жылы “Оскар” сыйлыгына татыган. Актёрдун үч “Алтын глобусу” бар.

Анын уулу Жейсондун айтымында, Коннери Багам аралдарындагы Нассау шаарында көз жумган. Ал бир нече күндөн бери ооруп жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0