Эркек аялынын көзүнө чөп салганда кантип өзгөрөт? Адис белгилерин айтты

© AFP / JOHANNES EISELEКиши менен аял бийлеп жатышат. Архив
Киши менен аял бийлеп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башка бирөөнү таап алган эркектин жүрүм-туруму өзгөрө түшөт. Мисалы, ал бат-баттан сакал-мурутун алып, машыгуу залына бара баштайт.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Lipstick Investigations детектив агенттигинин директору Дэвид Кинг аялынын көзүнө чөп салып баштаган эркек кандай өзгөрөрүн айтып, белгилерин атады. Бул тууралуу Daily Mail агенттигинин маалыматына таянып "Известия" басылмасы жазды. 

Анын айтымында, башка бирөөнү таап алган эркектин биринчи эле жүрүм-туруму өзгөрөт. Мисалы, ал бат-баттан сакал-мурутун алып, машыгуу залына бара баштайт. Жакшынакай кийинип, атыр себинип дагы калат. Мунун баары дароо эле башталат.

"Мындан сырткары, буга чейин жайбаракат жүргөн эркектин колунан телефону түшпөй, келген билдирүүлөрдү жашырып пароль коюп коёт. Күйөөсүнүн мындай жоруктары аялын андан күмөн саноого түртөт", — деди адис.

Айрым эркектер эптеп эле үйдөн чыгып кетиш үчүн жубайы менен урушуп-талашып да калат.

Аялым тирүү туруп башкасын издей баштадым. Жубайы ракка чалдыккан эркектин каты

Кингдин айтымында, келинчегинин көзүнө чөп салган эркектер үйгө кеч келип, көчөгө жалгыз чыгып башташат. Ага чейин эки жакка чыкканда жубайын калтырчу эмес.

Адис эгер аялдар бир нерседен шек санаса, көбүнчө анысы чын болуп чыгарын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0